“Балага сүйүнчү” мобилдик сервис иштегендин биринчи күнүндө 1 029 арыз түштү

“Балага сүйүнчү” мобилдик сервис иштегендин биринчи күнүндө 1 029 арыз түштү

“Түндүк” мобилдик тиркемесинде жана “Балага сүйүнчү” жөлөкпулун тариздөө модулунда кызмат көрсөтүү ишке киргизилген биринчи күнү жарандар арыздарды электрондук форматта берүү мүмкүнчүлүгүн активдүү пайдалана башташты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, биринчи күндүн жыйынтыгы боюнча “Балага сүйүнчү” жөлөкпулун алууга 1 029 арыз түшкөн. Алардын ичинен:
  • 584 арыз (56,8%) "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу;
  • 445 арыз (43,2%) Калкты тейлөө борборлору (КТБ) жана жарандык абалдын актыларын каттоо (ЖААК) органдары аркылуу таризделген.

Ошентип, арыз берген жарандардын жарымынан көбү жөлөкпулду тариздөөнүн мобилдик форматын колдонушкан. Бул — ата-энелерге мекемелерге жеке баруунун зарылдыгы жок, өздөрүнө ыңгайлуу жол менен арыз берүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн жаңы сервистин алгачкы талап кылынуу көрсөткүчү.

Ошол эле учурда жөлөкпулду КТБлар жана ЖААК органдары аркылуу тариздөө мүмкүнчүлүгү да сакталып, бул кызматтын бардык жарандар үчүн жеткиликтүү болушун камсыздап жатат.

Сервисти ишке киргизүүнүн алгачкы жыйынтыктары электрондук формат жарандардын мамлекет менен өз ара аракеттенүүсүндө талап кылынган инструментке айланып баратканын көрсөтүүдө.

Эске салсак, кече 14-октябрда “Түндүк” мобилдик тиркемесинде “Балага сүйүнчү” мамлекеттик жөлөк пулун тариздөө боюнча электрондук кызмат ишке киргизилген. Эми ата-энелер жөлөк пул алуу үчүн арызды смартфон аркылуу берип, калкты тейлөө борборлоруна барбастан эле кызматтан пайдалана алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында Үй-бүлөлүк медицина борбору ачылды

Нарында Үй-бүлөлүк медицина борбору ачылды

Нарын шаарында "Ас-Сафа борбору" коомдук бирикмесинин колдоосу менен курулган облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, жалпы аянты 1 420 чарчы метрди түзгөн имаратта бейтаптарды кабыл алуу, диагностика жана адистештирилген жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Борбордо үй-

Ишкер Media
Кыргызстанда үшүк жүрүшү күтүлөт

Кыргызстанда үшүк жүрүшү күтүлөт

2026-жылдын 17-18-октябрларында түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун түндүгүндө, Талас облусунун Кара-Буура районунда, Ысык-Көл облусунун Түп районунда 0…-2° ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, мындай суук аба ырайык - мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант

Ишкер Media
Бишкекте мыйзамсыз таштанды үчүн 23 миң сом айып салынды

Бишкекте мыйзамсыз таштанды үчүн 23 миң сом айып салынды

Бишкекте Байтик Баатыр жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишиндеги тез татым даярдоочу жайдын аймагында мыйзамсыз таштанды таштоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги маалымдады. Билдирүүгө караганда, министрликке караштуу Экологиялык көзөмөл кызматы жеринде текшерүү жүргүзүп, таштандылар белгиленбеген жерге ташталганын аныктаган. Мыйзам бузуу боюнча жер тилкесинин ээсине протокол түзүлүп, 23 000 сом айып

Ишкер Media
Нарында 67 млн сомдук социалдык шаарча пайдаланууга берилди

Нарында 67 млн сомдук социалдык шаарча пайдаланууга берилди

14-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кайыңды-Булак айылында жаңы социалдык шаарчанын ачылышы болду. Бул тууралуу Баетов айыл аймагынын башкармалыгы билдирди. Маалымдалгандай, салтанатка президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Э. Чекирбаев, аким М. Камчыбеков, "Ас-Сафа" кайрымдуулук фондунун өкүлү Шейх Мухаммад Абдурахман Альшая,

Ишкер Media