Нарында 67 млн сомдук социалдык шаарча пайдаланууга берилди
14-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кайыңды-Булак айылында жаңы социалдык шаарчанын ачылышы болду. Бул тууралуу Баетов айыл аймагынын башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, салтанатка президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Э. Чекирбаев, аким М. Камчыбеков, "Ас-Сафа" кайрымдуулук фондунун өкүлү Шейх Мухаммад Абдурахман Альшая, Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Арстанбек Акиев жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жалпы аянты 1,5 гектар болгон шаарчанын курулушуна 67 млн 338 миң сом жумшалган. Комплекс 22 имараттан турат: 1 ФАП, 1 медресе, 1 дүкөн жана 19 турак үй.
Жаңы үйлөр 76 үй-бүлөгө тапшырылды. Анын 4 батири медицина кызматкерлерине, 4 батири муниципалдык кызматкерлерге, калган 68 батир турак жайга муктаж жарандарга берилди.
Мындан тышкары шаарчада тигүү цехи, футбол аянтчасы жана суу түтүгү каралган. Жаңы конуш айыл тургундарынын жашоо шартын жакшыртууга багытталган.