Кыргызстандын экономикасы 9 айда 10,8% өстү

Кыргызстандын экономикасы 9 айда 10,8% өстү

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын ички дүң продуктысы алдын ала эсептөөлөр боюнча 1 трлн 640,9 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,8% өстү. Бул тууралуу бүгүн Улуттук статистика комитетинин өкүлдөрү маалымат жыйынында кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тогуз айда өнөр жай продукциясынын көлөмү 685,4 млрд сомго жетип, физикалык көлөмдүн индекси 2025-жылдын январь-сентябрына карата 107,0 % түздү.

Өнөр жайдагы өсүш негизинен химиялык продукцияларды өндүрүүнүн 2,3 эсеге, тазаланган мунай продуктуларын өндүрүүнүн 1,9 эсеге, транспорт каражаттарын чыгаруунун 39,4% жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн 29,1% көбөйүшү менен шартталган.

Ошондой эле курулуш тармагындагы иштердин көлөмү 1,6 эсеге, айыл чарбасында өндүрүш 6,5%, дүң жана чекене соода 4,2% өскөн.

2026-жылдын сентябрь айынын аягында республика боюнча керектөө баалары жана тарифтер 2025-жылдын декабрына салыштырмалуу 8,1% жогорулаган. Анын ичинде азык-түлүк жана алкоголсуз ичимдиктер 7%, азык-түлүк эмес товарлар 6,8%, ал эми калкка көрсөтүлүүчү кызматтар 11,8% кымбаттаган.

Баалардын эң жогорку өсүшү Ош облусунда катталып, 16,6% түзгөн. Бул аймакта кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 28,3% жогорулаган.

Тышкы соода 12 млрд долларга жетти

2026-жылдын январь–август айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын жалпы көлөмү 12 млрд долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,3% көбөйгөн. Анын ичинен Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен соода жүгүртүү 4,3 млрд долларга жетип, 5,5% өскөн. Бирок ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорт 9,1% кыскарса, импорт 9,3% көбөйгөн.

Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соодасында эң чоң үлүш Россияга (64,5%) жана Казакстанга (32,7%) туура келген.

Мындан тышкары окуңуз

Депутат: “Булардын башынан алтын куюп жиберсек да аздык кылат”

Депутат: “Булардын башынан алтын куюп жиберсек да аздык кылат”

Бүгүн, 15-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Акыйкатчынын 2025-жылы Кыргызстанда адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы боюнча баяндамасы каралды. Талкуу учурунда депутат Таалайбек Сарыбашев мындан 18-20 жыл мурда Ош облусунда ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган балдардын бүгүнкү абалына көңүл бурду. Депутаттын айтымында, ошол кезде ВИЧ жуктуруп алган балдар азыр бойго жетип,

Ишкер Media
Кыргызстанда алгачкы жолу свайлык ыкма менен мектеп курулууда

Кыргызстанда алгачкы жолу свайлык ыкма менен мектеп курулууда

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №46 мектепке 450 орундуу кошумча корпус курулуп жатат. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалым болгондой, үч кабаттуу имараттын курулушу ушул жылдын март айында башталган. Учурда чатырын жабуу жана ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Курулуш учурунда жер

Ишкер Media
Манаста уруксатсыз курулуп жаткан объекттин иши токтотулду

Манаста уруксатсыз курулуп жаткан объекттин иши токтотулду

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы тарабынан текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүдө Манас шаарынын Алмабак көчөсү 182/2, 182/3, 182/4 жана 182/5 даректеринде уруксат документтери жок таунхаус тибиндеги көп батирлүү турак жай курулуп жатканы аныкталган. Объекттин долбоордук документтери жок

Ишкер Media
Балыкчыда 484 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Балыкчыда 484 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Балыкчы шаарынын прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз берилип кеткен жерлерди аныктоо максатында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалым болгондой, текшерүүдө 2018-жылы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн токтому менен шаардагы эркин экономикалык зонанын аймагындагы "Аэродромдун" 30 гектар жери "Т." ЖЧКсына мыйзамсыз берилип кеткени аныкталган. Прокурордук чаралардын натыйжасында

Ишкер Media