Манаста уруксатсыз курулуп жаткан объекттин иши токтотулду

Манаста уруксатсыз курулуп жаткан объекттин иши токтотулду

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы тарабынан текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө Манас шаарынын Алмабак көчөсү 182/2, 182/3, 182/4 жана 182/5 даректеринде уруксат документтери жок таунхаус тибиндеги көп батирлүү турак жай курулуп жатканы аныкталган. Объекттин долбоордук документтери жок болуп, курулуш ченемдери бузулуп, сапаттык кемчиликтер да орун алган.

Натыйжада куруучу Э.М.Ы.га карата Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык айып пул салынып, курулуш иштери убактылуу токтотулду.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда алгачкы жолу свайлык ыкма менен мектеп курулууда

Кыргызстанда алгачкы жолу свайлык ыкма менен мектеп курулууда

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №46 мектепке 450 орундуу кошумча корпус курулуп жатат. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалым болгондой, үч кабаттуу имараттын курулушу ушул жылдын март айында башталган. Учурда чатырын жабуу жана ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Курулуш учурунда жер

Ишкер Media
Кыргызстандын экономикасы 9 айда 10,8% өстү

Кыргызстандын экономикасы 9 айда 10,8% өстү

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын ички дүң продуктысы алдын ала эсептөөлөр боюнча 1 трлн 640,9 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,8% өстү. Бул тууралуу бүгүн Улуттук статистика комитетинин өкүлдөрү маалымат жыйынында кабарлашты. Маалыматка ылайык, тогуз айда өнөр жай продукциясынын көлөмү 685,4 млрд сомго

Ишкер Media
Балыкчыда 484 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Балыкчыда 484 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Балыкчы шаарынын прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз берилип кеткен жерлерди аныктоо максатында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалым болгондой, текшерүүдө 2018-жылы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн токтому менен шаардагы эркин экономикалык зонанын аймагындагы "Аэродромдун" 30 гектар жери "Т." ЖЧКсына мыйзамсыз берилип кеткени аныкталган. Прокурордук чаралардын натыйжасында

Ишкер Media
Бишкек менен Прагага түз аба каттамын ачуу талкууланды

Бишкек менен Прагага түз аба каттамын ачуу талкууланды

«Кыргызстан аэропорттору» ишканасынын жетекчиси Манасбек Самидинов менен Чехиянын транспорт министри Иван Беднарик жолугушту. Бул тууралуу 15-октябрда мекемеден билдиришти. Анын жүрүшүндө тараптар Бишкек менен Праганын ортосунда түз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле авиация тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү маселелери талкуулашты. "Сүйлөшүүлөрдөн соң Чехиянын делегациясын жаңыланган «Манас» эл аралык аэропорту менен

Ишкер Media