Кыргызстанда алгачкы жолу свайлык ыкма менен мектеп курулууда
Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №46 мектепке 450 орундуу кошумча корпус курулуп жатат. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.
Маалым болгондой, үч кабаттуу имараттын курулушу ушул жылдын март айында башталган. Учурда чатырын жабуу жана ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Курулуш учурунда жер астындагы суулардын деңгээли жогору болгондуктан, пайдубал свайлык ыкма менен курулган.
Белгилей кетсек, свайлык пайдубал - имараттын жүгүн топурактын тереңиндеги бекем катмарларга өткөрүүчү ыкма. Ал жер кыртышы жумшак жана нымдуу аймактарда имараттын туруктуулугун камсыздайт. Бул технология социалдык объекттин курулушунда өлкөдө алгачкы жолу колдонулууда.