Депутат: “Булардын башынан алтын куюп жиберсек да аздык кылат”
Бүгүн, 15-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Акыйкатчынын 2025-жылы Кыргызстанда адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы боюнча баяндамасы каралды. Талкуу учурунда депутат Таалайбек Сарыбашев мындан 18-20 жыл мурда Ош облусунда ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган балдардын бүгүнкү абалына көңүл бурду.
Депутаттын айтымында, ошол кезде ВИЧ жуктуруп алган балдар азыр бойго жетип, үй-бүлө куруп жатышат. Депутат аларга мамлекет тарабынан кошумча социалдык жөлөкпул төлөө жана ипотекалык турак жай менен камсыздоо маселесин көтөрүүнү сунуштады.

“Булардын тагдыры талкаланган. Башынан алтын куюп жиберсек да аздык кылат. Ошондуктан аларга кошумча жөлөкпул берүү жана ипотекалык үйлөр менен камсыздоо маселесин көтөрсөңүз”, — деди Сарыбашев.
Ошондой эле ал Акыйкатчыга - Саламаттык сактоо министрлиги жана социалдык коргоо органдары менен биргеликте бул жарандарга жардам көрсөтүү боюнча чараларды көрүүнү сунуштады.
Ал эми депутат Махабат Мавлянова Акыйкатчы институтунун бюджетин жана кызматкерлеринин санын көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.
Анын айтымында, мекемеге күн сайын 50гө жакын адам арыз-даттануу менен кайрылат. Депутат учурдагы каржылоо жана кызматкерлердин саны мындай жүктөмдү аткарууга жетишсиз экенин айтып, Финансы министрлигине тиешелүү сунуш киргизерин билдирди.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Акыйкатчынын 2025-жылдагы баяндамасы боюнча депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алган токтом кабыл алды.