Кыргызстан жана Түркия биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулады
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Түркиянын Тышкы экономикалык байланыштар кеңешине караштуу Кыргызстан-Түркия ишкер кеңешинин делегациясы менен жолугушту. Делегацияны Эмре Йылдыз жетектеп келген. Бул тууралуу Минкаб билдирди.
Маалыматка караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык кызматташуу жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулады.
Данияр Амангелдиев Кыргызстан Түркия менен кызматташтыкты тереңдетүүгө артыкчылык берерин белгиледи. Анын айтымында, Министрлер кабинети инвестициялык климатты жакшыртуу, инвесторлордун укуктарын коргоо жана бизнес үчүн ыңгайлуу шарт түзүү боюнча ырааттуу иш алып барууда.
Ал кызматташуу үчүн келечектүү тармактар катары текстиль жана тигүү өнөр жайын, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү, заманбап курулуш материалдарын өндүрүүнү жана күн энергиясы боюнча долбоорлорду атады.
Өз кезегинде Эмре Йылдыз эки элдин ортосундагы тарыхый, маданий жана руханий жалпылык, бир туугандык байланыштар узак мөөнөттүү өнөктөштүк үчүн бекем негиз экенин белгиледи. Ал түрк ишкерлери Кыргызстандагы катышуусун кеңейтүүгө жана соода көлөмүн арттырууга кызыкдар экенин билдирди.
Жыйынтыгында тараптар түз ишкер байланыштарды жандандырууга жана кыргыз-түрк экономикалык байланыштарын бекемдөөгө даяр экенин ырасташты.