Өлкөдө 9 айда 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү

Өлкөдө 9 айда 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү

Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча, 2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын өнөр жай ишканалары тарабынан 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү.

Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,0%га көп.

Өндүрүштүн өсүшү төмөнкү тармактарда белгиленди:

  • Тамак-аш азыктары жана тамеки продукциялары — 9,4%га;
  • Фармацевтикалык продукциялар — 13,6%га;
  • Курулуш материалдары — 29,1%га;
  • Транспорт каражаттары — 39,4%га;
  • Жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдар, полиграфиялык продукциялар — 41,3%га;
  • Тазаланган мунай продукциялары — 1,9 эсеге;
  • Химиялык продукциялар — 2,3 эсеге;
  • Пайдалуу кендерди казуу — 7,3%га өстү.
  • Кумтөр кенинде алтындын курамы төмөн болгон зонаны өздөштүрүүгө жана өндүрүш көлөмүнүн пландуу төмөндөшүнө байланыштуу негизги металлдарды өндүрүү 1,7%га азайды.
  • Электр энергиясы, газ жана буу менен камсыздоо көлөмү 3,1%га, ал эми суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдаланылуучу чийки заттарды алуу көлөмү 19,6%га көбөйдү.

Өнөр жай өндүрүшүнүн ИДПны түзүүгө кошкон салымы 1,23 пайыздык пунктту түзүп, ИДПнын өндүрүш түзүмүндөгү үлүшү 18,5% болду.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте Хорватиянын консулдугу ачылды

Бишкекте Хорватиянын консулдугу ачылды

Бишкекте Хорватиянын консулдугунун салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен 19-октябрда билдиришти. Иш-чарага Экономика жана коммерция министрлигинин жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. Маалыматка ылайык, Хорватиянын Кыргызстандагы консулу болуп Абдирахим Бабаев дайындалды.  Консулдуктун негизги багыттары — эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестиция тартуу жана ишкерлердин кызматташтыгын

Ишкер Media
Баткенде курулуш ишинде мыйзам бузуулар аныкталды

Баткенде курулуш ишинде мыйзам бузуулар аныкталды

Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылындагы спорт залдын курулушуна текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. Маалым болгондой, текшерүүнү Архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Баткен региондук башкармалыгы жүргүзгөн. Текшерүүдө курулуш ченемдери жана техникалык коопсуздук эрежелери бузулганы аныкталды. Курулуш аянтчасы убактылуу тосмо менен тосулган эмес, курулуштун ар бир этабын кабыл алуу талаптары

Ишкер Media
Ысык-Көлдө 112,8 миң акылдуу электр эсептегич орнотулду

Ысык-Көлдө 112,8 миң акылдуу электр эсептегич орнотулду

Ысык-Көл облусунда жеке тиричилик керектөөчүлөрүнө акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу иштери 91%га аткарылды. Учурда 112 800 эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Ысык-Көл электр тармагы ишканасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, облус боюнча жалпысынан 124 274 акылдуу эсептегич орнотуу пландалган. Азырынча анын 11 474ү орнотула элек. Учурда эсептегичтерди орнотуу иштери уланууда. Ноябрь

Ишкер Media
Жээнбек Кулубаев Boeing компаниясынын жетекчиси менен авиациянын келечегин талкуулады

Жээнбек Кулубаев Boeing компаниясынын жетекчиси менен авиациянын келечегин талкуулады

Кече Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Самарканд шаарында "Борбордук Азия – АКШ" ("С5+1") форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында Boeing корпорациясынын эл аралык операциялар жана саясат боюнча вице-президенти Майк Шнабель менен жолугушуу өткөрдү. Бур тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандык

Ишкер Media