Ысык-Көлдө 112,8 миң акылдуу электр эсептегич орнотулду

Ысык-Көлдө 112,8 миң акылдуу электр эсептегич орнотулду

Ысык-Көл облусунда жеке тиричилик керектөөчүлөрүнө акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу иштери 91%га аткарылды. Учурда 112 800 эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Ысык-Көл электр тармагы ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, облус боюнча жалпысынан 124 274 акылдуу эсептегич орнотуу пландалган. Азырынча анын 11 474ү орнотула элек.

Учурда эсептегичтерди орнотуу иштери уланууда. Ноябрь айынын ортосуна чейин Ысык-Көл облусундагы бардык жеке тиричилик керектөөчүлөрүн акылдуу эсептегичтер менен толук камсыздоо пландалууда.

Акылдуу эсептегичтер электр энергиясын керектөөнү онлайн режиминде эсепке алууга, бузулууларды тез арада аныктоого, уруксатсыз туташуулардын алдын алууга жана эсептөөлөр үчүн так маалыматтарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, жаңы тутум керектөөчүлөргө электр энергияны керектөөсүн натыйжалуу башкарууга шарт түзүп, ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө 9 айда 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү

Өлкөдө 9 айда 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү

Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча, 2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын өнөр жай ишканалары тарабынан 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү. Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,0%га көп. Өндүрүштүн өсүшү төмөнкү тармактарда белгиленди: * Тамак-аш азыктары жана тамеки продукциялары

Ишкер Media
Жээнбек Кулубаев Boeing компаниясынын жетекчиси менен авиациянын келечегин талкуулады

Жээнбек Кулубаев Boeing компаниясынын жетекчиси менен авиациянын келечегин талкуулады

Кече Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Самарканд шаарында "Борбордук Азия – АКШ" ("С5+1") форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында Boeing корпорациясынын эл аралык операциялар жана саясат боюнча вице-президенти Майк Шнабель менен жолугушуу өткөрдү. Бур тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандык

Ишкер Media
Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгы белгиленип, 90 иш-чара өткөрүлдү

Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгы белгиленип, 90 иш-чара өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Мааракеге карата райондо жалпысынан 90 иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу облустун мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатка Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана район тургундары катышты. Мааракенин жүрүшүндө,

Ишкер Media
Бишкекте ракты дарылоочу клиниканы куруу демилгеси талкууланды

Бишкекте ракты дарылоочу клиниканы куруу демилгеси талкууланды

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров James Cubitt & Partners эл аралык компаниясынын төрагасы Суадад Сумайдаи жана компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу 19-октябрда мекемеден билдиришти. Анда инвестициялык кызматташтыктын багыттары, чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу жана Кыргызстанда келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. "Биз эл аралык

Ишкер Media