Кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы талаптарды бузган жактарга жазаны күчөтүү сунушталууда
Кыргызстанда кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана кылмыштуу ишти каржылоого каршы талаптарды бузган компанияларга айып пулдарды көбөйтүү, ал эми айрым оор мыйзам бузуулар үчүн лицензиясын жокко чыгаруу же компанияны жоюу сунушталууда.
Тиешелүү мыйзам долбоорун КРнын Финансы министрлиги 20-октябрда коомдук талкууга чыгарды. Аны талкуулоо 4-ноябрга чейин уланат. Долбоордо Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.
Айып пул компаниянын кирешесине жараша
Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, компаниялар акыркы 12 айдагы кирешесине жараша үч категорияга бөлүнөт:
- 8 млн сомго чейин;
- 8 млн сомдон 50 млн сомго чейин;
- 50 млн сомдон ашык.
Ал эми шектүү операциялар жөнүндө тиешелүү органга өз убагында билдирбеген компанияларга 600дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул каралган.
Долбоордун дагы бир маанилүү өзгөрүүсү — компаниянын жетекчилерине жана ички көзөмөл үчүн жооптуу кызматкерлерине жеке жоопкерчилик киргизүү.
Мында компанияга айып пул салынганы мыйзам бузууга күнөөлүү кызмат адамын жоопкерчиликтен бошотпойт. Ошол сыяктуу кызматкерге жаза колдонулганы үчүн компания жоопкерчиликтен кутулбайт.
Кандай учурда компания жоюлушу мүмкүн?
Мыйзам долбоорунда айрым оор укук бузуулар үчүн катаал чаралар сунушталган. Тагыраагы, террордук же экстремисттик ишти, уюшкан кылмыштуу топторду же массалык кыргын салуучу куралды жайылтууну каржылоого катышкан юридикалык жакка 10 миң эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу жана аны жоюу каралган.
Ошондой эле мыйзамда тыюу салынган “банк-кабыкчаны” түзүү же анын ишин улантуу үчүн да компанияны жоюу сунушталууда. Мындай чечимди сот кабыл алат.
Компаниянын чыныгы ээси тууралуу маалыматты жашырууга да жаза каралат
Долбоордо юридикалык жактын бенефициардык менчик ээлери, башкача айтканда, компанияны иш жүзүндө көзөмөлдөгөн адамдар тууралуу маалыматтарды бербөө, кечиктирүү же атайылап жалган маалымат берүү үчүн жоопкерчилик белгилөө сунушталууда.
Мындай мыйзам бузуулар үчүн айып пул компаниянын кирешесине жана укук бузуунун түрүнө жараша аныкталат.
Демилгечилер, сунушталган чаралар финансылык операциялардын ачык-айкындуулугун жогорулатып, кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана мыйзамсыз каржылоого каршы көзөмөлдү күчөтүүгө мүмкүндүк берет деген пикирде.