Ноокенде жайытта мотоцикл айдагандарга айып салынды
Ноокен районунда жана Майлуу-Суу шаарында өткөрүлгөн рейд учурунда жайыт жерлеринде мототранспорт каражаттарын башкарган эки жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, алардын ар бирине 5 миң 500 сомдон, жалпы 11 миң сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, жарандарга жайыттарды коргоо, жаратылышты сактоо жана мыйзам талаптарын бузбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Рейд Министрлер кабинетинин Кыргызстандын айрым аймактарында мототранспорт каражаттарын эксплуатациялоону чектөө жөнүндөгү токтомунун аткарылышын камсыз кылуу максатында өткөрүлгөн.