Кореялык компания өлкөдө өндүрүш долбоорун ишке ашырууну көздөп жатат

Кореялык компания өлкөдө өндүрүш долбоорун ишке ашырууну көздөп жатат

КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик түштүк кореялык HWAYA INC компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдирди.

Мекемеден белгилешкендей, анда инвестициялык кызматташтыктын келечеги жана Кыргызстанда өндүрүш ишканасын түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Тараптар өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү, ишкананы эркин экономикалык аймактын (ЭЭА) аймагына жайгаштыруу жана кыргыз-корей инвестициялык кызматташтыгын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.

HWAYA INC компаниясы Кыргыз Республикасында өндүрүш долбоорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Долбоорго болжолдонгон инвестициянын көлөмү 10 млн АКШ долларын түзөт.

Жолугушууда өндүрүш үчүн аянтчаны тандоо, тиешелүү инфраструктура менен камсыз кылуу жана продукцияны Борбор Азия өлкөлөрүнүн рынокторуна экспорттоо маселелери талкууланды.

Буга чейин, 2026-жылдын 16–22-сентябрында Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен HWAYA INC компаниясынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Документ инвестициялык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, өнөр жай демилгелерин илгерилетүүгө жана эркин экономикалык аймактар жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Майлуу-Суу шаарын өнүктүрүүгө 1 млрд сомдон ашык каражат багыттоо пландалууда

Майлуу-Суу шаарын өнүктүрүүгө 1 млрд сомдон ашык каражат багыттоо пландалууда

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Майлуу-Суу шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана келечектеги пландары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, шаарда инфраструктураны жаңылоо, жолдорду оңдоо, социалдык объектилерди өнүктүрүү жана инвестиция тартуу багытында иштер жүргүзүлүүдө. 2021-жылга

Ишкер Media
Ысык-Көлдө "Ак Илбирс" илимий-изилдөө борбору ачылды

Ысык-Көлдө "Ак Илбирс" илимий-изилдөө борбору ачылды

Бүгүн Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы "Ак Илбирс" илимий-изилдөө реабилитациялык борборунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу МинКабдын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Татарстандын Раиси Рустам Минниханов катышты. Өз сөзүндө Адылбек Касымалиев борбордун ачылышы ак илбирсти жана жапайы жаныбарлардын башка сейрек

Ишкер Media
Бишкек - Күн-Туу - Шопоков жолунда асфальт төшөлүүдө

Бишкек - Күн-Туу - Шопоков жолунда асфальт төшөлүүдө

Бишкек - Күн-Туу - Шопоков автожолунун 5-6-чакырымдарында ЩМА технологиясы менен асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырым. Төрт тилкелүү болуп кеңейтилүүдө. Учурда жеринде 30дан ашык техника жана 70тен ашык жумушчу иштеп жатат. Бул жол Сокулук районундагы негизги каттамдардын бири.

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстан социалдык тармакта кызматташат

Кыргызстан жана Өзбекстан социалдык тармакта кызматташат

Самарканддагы дүйнөлүк саммиттин алкагында Кыргызстан менен Өзбекстан социалдык чөйрөдө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти. Маалымдалгандай, документке Кыргызстандын Эмгек министрлиги менен Өзбекстан президентинин алдындагы Улуттук социалдык коргоо агенттиги кол койду. Меморандум боюнча тараптар: • социалдык коргоо жаатында тажрыйба алмашуу • аярлуу катмарларга кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу • санариптик чечимдерди киргизүү • социалдык кызматкерлерди

Ишкер Media