Кыргызстан жана Өзбекстан социалдык тармакта кызматташат

Кыргызстан жана Өзбекстан социалдык тармакта кызматташат

Самарканддагы дүйнөлүк саммиттин алкагында Кыргызстан менен Өзбекстан социалдык чөйрөдө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, документке Кыргызстандын Эмгек министрлиги менен Өзбекстан президентинин алдындагы Улуттук социалдык коргоо агенттиги кол койду.

Меморандум боюнча тараптар:

• социалдык коргоо жаатында тажрыйба алмашуу

• аярлуу катмарларга кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу

• санариптик чечимдерди киргизүү

• социалдык кызматкерлерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу

Меморандум калкты социалдык колдоону күчөтүүдө маанилүү кадам болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек - Күн-Туу - Шопоков жолунда асфальт төшөлүүдө

Бишкек - Күн-Туу - Шопоков жолунда асфальт төшөлүүдө

Бишкек - Күн-Туу - Шопоков автожолунун 5-6-чакырымдарында ЩМА технологиясы менен асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырым. Төрт тилкелүү болуп кеңейтилүүдө. Учурда жеринде 30дан ашык техника жана 70тен ашык жумушчу иштеп жатат. Бул жол Сокулук районундагы негизги каттамдардын бири.

Ишкер Media
Кореялык компания өлкөдө өндүрүш долбоорун ишке ашырууну көздөп жатат

Кореялык компания өлкөдө өндүрүш долбоорун ишке ашырууну көздөп жатат

КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик түштүк кореялык HWAYA INC компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдирди. Мекемеден белгилешкендей, анда инвестициялык кызматташтыктын келечеги жана Кыргызстанда өндүрүш ишканасын түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Тараптар өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү, ишкананы эркин экономикалык аймактын (ЭЭА) аймагына жайгаштыруу жана кыргыз-корей инвестициялык кызматташтыгын

Ишкер Media
Баткенде кышка даярдык текшерилүүдө

Баткенде кышка даярдык текшерилүүдө

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын Баткен филиалында 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык текшерилүүдө. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасы кабарлады. Маалым болгондой, комиссия жабдуулардын техникалык абалын, оңдоо иштерин, аба чубалгыларын, релелик коргоо системаларын жана авариялык бригадалардын даярдыгын текшерүүдө. Ошондой эле: • запастык бөлүктөрдүн жетиштүүлүгү • кызматкерлердин кышкы кийим

Ишкер Media
Кыргызстанда 15 млн сомдон ашык баңгизат алынып, төрт жаран кармалды

Кыргызстанда 15 млн сомдон ашык баңгизат алынып, төрт жаран кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан бир нече эл аралык каналдын ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматкаылайык, Түштүк-Чыгыш Азиядан Кыргызстанга ири өлчөмдө баңгизат жеткирүүгө тиешеси бар уюшкан эл аралык баңгизат тобу аныкталган. Ошондой эле өлкө ичинде баңгизаттарды ташуу, сактоо

Ишкер Media