Майлуу-Суу шаарын өнүктүрүүгө 1 млрд сомдон ашык каражат багыттоо пландалууда

Майлуу-Суу шаарын өнүктүрүүгө 1 млрд сомдон ашык каражат багыттоо пландалууда

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Майлуу-Суу шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана келечектеги пландары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаарда инфраструктураны жаңылоо, жолдорду оңдоо, социалдык объектилерди өнүктүрүү жана инвестиция тартуу багытында иштер жүргүзүлүүдө. 2021-жылга салыштырмалуу 2025-жылы шаар бюджетинин аткарылышы 196,1%га өскөн.

2025-жылы президенттин Турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен шаарда 9,7 чакырым жол асфальтталган.

2027-жылга карата шаарды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары белгиленди. Даярдалган жол картасына ылайык, төмөнкү долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда:

  • жолдорду оңдоо жана инфраструктураны өнүктүрүү үчүн 585 млн сом;
  • туризмди, анын ичинде экотуризмди өнүктүрүүгө 215 млн сом;
  • жашыл жана коопсуз шаарды калыптандырууга 125 млн сом;
  • шаардын тарыхый-архитектуралык көрүнүшүн сактоого жана сырткы келбетин жакшыртууга 75 млн сом.

Жалпысынан аталган багыттар боюнча 1 млрд сом каражат багыттоо пландалууда.

Мындан тышкары, № 76 кесиптик лицейдин базасында жогорку окуу жайын ачуу мүмкүнчүлүгү да каралууда.

Ошол эле учурда шаарда калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, лампа заводунун ишин кайра жандандыруу, мунай өндүрүүдөн түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке чегерүү жана турак жай курууга жер тилкелерин бөлүү маселелери актуалдуу бойдон калууда.

Шаардын инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүү жана тургундардын жашоо шарттарын жакшыртуу негизги милдеттердин катарында белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров айдоо жерлерин сактап калууга чакырды

Садыр Жапаров айдоо жерлерин сактап калууга чакырды

Президент Садыр Жапаров айдоо жерлерин турак жай куруу үчүн трансформациялоону токтотуу керектигин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчысы Манас шаарынын жана Сузак районунун тургундары менен жолугушууда айтты. Мамлекет башчысы Кыргызстандын аймагынын 94 пайызын тоолор, ал эми 6 пайызын түздүктөр ээлей турганын белгиледи. Анын айтымында, түз жерлердин бир бөлүгүндө Бишкек, Ош шаарлары,

Ишкер Media
Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүүдө абаны эң көп булгаган булак – көмүр

Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүүдө абаны эң көп булгаган булак – көмүр

Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүүдө атмосферага бөлүнгөн зыяндуу газдардын дээрлик 80 пайызы көмүр менен иштеген станцияларга туура келет. Акыркы 15 жылда көмүрдөн өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмү үч эседен ашык көбөйгөн. Муну менен катар абага бөлүнгөн көмүр кычкыл газынын көлөмү да өсүүдө. Бул тууралуу Global Electricity Review 2026 баяндамасында айтылат. Кыргызстанда электр

Ишкер Media
Ноокенде 2021-жылдан бери 14 мектеп, 13 бала бакча курулду

Ноокенде 2021-жылдан бери 14 мектеп, 13 бала бакча курулду

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ноокен районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, жүргүзүлүп жаткан иштер жана келечектеги долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Маалымдалгандай, 2021–2025-жылдары райондо 14 жаңы мектеп жана 13 бала бакча пайдаланууга берилген. Ошондой эле 17 мектепте

Ишкер Media
Ысык-Көлдө "Ак Илбирс" илимий-изилдөө борбору ачылды

Ысык-Көлдө "Ак Илбирс" илимий-изилдөө борбору ачылды

Бүгүн Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы "Ак Илбирс" илимий-изилдөө реабилитациялык борборунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу МинКабдын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Татарстандын Раиси Рустам Минниханов катышты. Өз сөзүндө Адылбек Касымалиев борбордун ачылышы ак илбирсти жана жапайы жаныбарлардын башка сейрек

Ишкер Media