Бишкек - Күн-Туу - Шопоков жолунда асфальт төшөлүүдө

Бишкек - Күн-Туу - Шопоков жолунда асфальт төшөлүүдө

Бишкек - Күн-Туу - Шопоков автожолунун 5-6-чакырымдарында ЩМА технологиясы менен асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырым. Төрт тилкелүү болуп кеңейтилүүдө.

Учурда жеринде 30дан ашык техника жана 70тен ашык жумушчу иштеп жатат.

Бул жол Сокулук районундагы негизги каттамдардын бири. Жаңыланышы тургундардын коопсуз жүрүүсүнө шарт түзөт.

Иштердин сапаты Транспорт министрлигинин көзөмөлүндө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүүдө абаны эң көп булгаган булак – көмүр

Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүүдө абаны эң көп булгаган булак – көмүр

Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүүдө атмосферага бөлүнгөн зыяндуу газдардын дээрлик 80 пайызы көмүр менен иштеген станцияларга туура келет. Акыркы 15 жылда көмүрдөн өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмү үч эседен ашык көбөйгөн. Муну менен катар абага бөлүнгөн көмүр кычкыл газынын көлөмү да өсүүдө. Бул тууралуу Global Electricity Review 2026 баяндамасында айтылат. Кыргызстанда электр

Ишкер Media
Ноокенде 2021-жылдан бери 14 мектеп, 13 бала бакча курулду

Ноокенде 2021-жылдан бери 14 мектеп, 13 бала бакча курулду

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ноокен районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, жүргүзүлүп жаткан иштер жана келечектеги долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Маалымдалгандай, 2021–2025-жылдары райондо 14 жаңы мектеп жана 13 бала бакча пайдаланууга берилген. Ошондой эле 17 мектепте

Ишкер Media
Майлуу-Суу шаарын өнүктүрүүгө 1 млрд сомдон ашык каражат багыттоо пландалууда

Майлуу-Суу шаарын өнүктүрүүгө 1 млрд сомдон ашык каражат багыттоо пландалууда

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Майлуу-Суу шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана келечектеги пландары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, шаарда инфраструктураны жаңылоо, жолдорду оңдоо, социалдык объектилерди өнүктүрүү жана инвестиция тартуу багытында иштер жүргүзүлүүдө. 2021-жылга

Ишкер Media
Ысык-Көлдө "Ак Илбирс" илимий-изилдөө борбору ачылды

Ысык-Көлдө "Ак Илбирс" илимий-изилдөө борбору ачылды

Бүгүн Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы "Ак Илбирс" илимий-изилдөө реабилитациялык борборунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу МинКабдын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Татарстандын Раиси Рустам Минниханов катышты. Өз сөзүндө Адылбек Касымалиев борбордун ачылышы ак илбирсти жана жапайы жаныбарлардын башка сейрек

Ишкер Media