Аксы районунун бюджети 5 жылда 2 эсеге көбөйдү

Аксы районунун бюджети 5 жылда 2 эсеге көбөйдү

Өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Аксы районунун активи жана тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мамлекет башчысынын айтымында, Аксы районунун бюджети акыркы беш жылда эки эсеге көбөйдү. 2021-жылы райондун бюджети 154 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 308 млн сомго жеткен.

Мындан тышкары, республикалык бюджеттин "Капиталдык салымдар" беренеси аркылуу районго 355 млн сом каралып, анын 347 млн сому 2026-жылдын 1-октябрына карата бөлүнгөн.

Акыркы беш жылда райондо жалпы 125 чакырым ички жол асфальтталган. Анын 30 чакырымына быйыл асфальт төшөлгөн.

Ошондой эле Сары-Челек жана Падыша-Ата туристтик аймактарына алып баруучу жолдор оңдолгон.

Мындан тышкары окуңуз

Карагач токоюнда "Jashyl Dem Fest – KUZ 2026" өттү

Карагач токоюнда "Jashyl Dem Fest – KUZ 2026" өттү

Бишкекте бүгүн Карагач токоюнда "Jashyl Dem Fest – KUZ 2026 – NATIONAL GREEN DAY" экологиялык фестивалы өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында бак-дарак отургузуу акциясы уюштурулду. Фестивалга Минкаб Төрагасынын орун басары Улан Маматканов катышты. Ошондой эле мамлекеттик органдар, мэрия, ыктыярчылар катышты. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү

Ишкер Media
Таш-Көмүрдө 150 орундуу оорукана жана спорт комплекси курулууда

Таш-Көмүрдө 150 орундуу оорукана жана спорт комплекси курулууда

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Таш-Көмүр шаарынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Маалыматка ылайык, шаарда 150 орундуу борбордук оорукананын, спорт комплексинин жана эс алуу

Ишкер Media
Кыргызстанда алгачкы жолу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусун эрте кабарлоо системасы орнотулду

Кыргызстанда алгачкы жолу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусун эрте кабарлоо системасы орнотулду

ЮНЕСКОнун GLOFCA долбоорунун алкагында (Адаптация фондунун колдоосу менен) "Ала-Арча" суусунун бассейнинде эрте эскертүү системасын орнотуу жана сыноо иштери аяктады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалым болгондой, жабдуулар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине расмий өткөрүлүп берилди. Иш-чарага министрдин орун басары Нурбек Жумалиев жана ЮНЕСКО өкүлдөрү катышты. Система климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу

Ишкер Media
Көк-Бел жана Кайыңды чакан ГЭСтеринин курулушу башталды

Көк-Бел жана Кайыңды чакан ГЭСтеринин курулушу башталды

Кара-Көл шаарында 2026-жылы Көк-Бел жана Кайыңды чакан гидроэлектр станцияларынын курулушу башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровго Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө маалымдалганын анын абминистрациясы кабарлады. Маалыматка ылайык, буга чейин шаарда чакан Кара-Көл ГЭСи пайдаланууга берилген. Ошондой эле шаарда "Аква Сервис" балыкты кайра

Ишкер Media