Токтогулда 2030-жылга чейин 20 бала бакча жана 9 мектеп куруу пландалууда
Токтогул районунда 2030-жылга чейин 9 мектеп, 20 бала бакча жана 2 оорукана куруу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды.
Мындан тышкары, район аймагында 5 фельдшердик-акушердик пункт жана 5 спорт залын куруу каралган.
Ошондой эле калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча 18 долбоорду ишке ашыруу жана сугат суу үчүн 11 канал куруу мерчемделүүдө.
Токтогул шаарында жаңы муниципалдык базарды жана башка инфраструктуралык объектилерди куруу да пландалган.
Аталган долбоорлор райондун социалдык инфраструктурасын жакшыртууга жана калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.