Казарманда 110 млн сомго автобекет куруу пландалууда
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 26-октябрда Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Маалым болгондой, Тогуз-Торо районунда 2021–2026-жылдар аралыгында 43,4 чакырым автомобиль жолуна асфальт төшөлдү.
Мындан тышкары, райондо транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоорлор каралууда.
Атап айтканда, Казарман айылында болжолдуу наркы 110 млн сом болгон автобекет куруу пландалууда.
Ошондой эле Түндүк - Түштүк альтернативдүү автомобиль жолунун боюндагы Каргалык айыл аймагында муниципалдык мал базарын ачуу сунушталган. Долбоордун алдын ала наркы 50 млн сомду түзөт.
Аталган эки долбоорду ишке ашыруу үчүн кошумча каржылоо талап кылынат.