Кочкордо жаңы автобекет курулууда
Нарын облусунун Кочкор районунда аянты 14 469 чарчы метр болгон жаңы автобекет салынууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик баасы 395 млн сомду түзөт. Иштер 2025-жылдын январында башталган.
Автобекет 2 кабаттуу, заманбап үлгүдө курулууда. Имаратта жүргүнчүлөр үчүн күтүү залы, административдик бөлмөлөр жана экинчи кабатта мейманкана болот.
Учурда негизги жумуштар аяктап, сырткы аймакты асфальттоо калды. Курулушту Турак жай-жарандык курулуш департаменти көзөмөлдөп жатат.