Ала-Букада чек арачыларга 31 миллион сомго турак үй курулду

Ала-Букада чек арачыларга 31 миллион сомго турак үй курулду

26-октябрда Ала-Бука районунун Ызар айылында "Баймак - автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматчылары үчүн курулган жаңы турак үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ала-Бука Райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты.

Ачылыш аземине Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Мирзамир Сыдыков, район акими Темирболот Абыкеев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ишкерлер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө чек арачыларга жаңы кызматтык батирлердин ачкычтары тапшырылды.

Маалыматка ылайык, турак үйдүн курулушуна 31 миллион сом каралган. Негизги каржылоону "Баймакс Холдинг" ЖЧКсы камсыздап, жергиликтүү ишкерлер да салым кошкон.

Жаңы турак үй чек арачылардын жашоо шартын жакшыртуу максатында курулган.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Түркияга иш сапар менен барат

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Түркияга иш сапар менен барат

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 29–30-октябрда Түркиянын Анкара шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, өлкө лидери Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 13-саммитине катышат. Саммитте аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланат. Жыйынтыгында

Ишкер Media
Баткенде милициянын  9 объектисинин курулушу аяктады

Баткенде милициянын 9 объектисинин курулушу аяктады

Баткенде тогуз объекттин курулушу аяктап, Кыргыз милициясынын 102 жылдыгына карата ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришет. Маалыматка ылайык, милициянын инфраструктурасын жакшыртуу максатында быйыл 14 объекттин курулушу пландалган.  "Учурда Баткен шаарында кызматтык көп кабаттуу турак үйдүн, бала бакчанын жана райондук ички иштер бөлүмүнүн курулушу уланууда. Быйыл Нооруз майрамында облустагы

Ишкер Media
Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстанда жугуштуу оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөл системасын чыңдоо боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Билдирүүгө ылайык, 2026-жылы АКШ өкмөтү каржылаган EpiC долбоорунун колдоосу менен өлкөнүн 49 районунан 275 адис I-EPID электрондук эпидемиологиялык көзөмөл системасын колдонуу боюнча окуудан өттү. Мындан тышкары, кара тумоо, күйдүргү,

Ишкер Media
Караколдо 530 ипотекалык батир ноябрда бүтөт

Караколдо 530 ипотекалык батир ноябрда бүтөт

Каракол шаарындагы "Хан-Теңири" турак жай комплексинин экинчи этабынын алкагында курулуп жаткан 530 батир ноябрь айында бүткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Учурда 530 батирден турган 6 турак жай блогунун курулушу аяктоо алдында турат. Туманбаев

Ишкер Media