Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстанда жугуштуу оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөл системасын чыңдоо боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, 2026-жылы АКШ өкмөтү каржылаган EpiC долбоорунун колдоосу менен өлкөнүн 49 районунан 275 адис I-EPID электрондук эпидемиологиялык көзөмөл системасын колдонуу боюнча окуудан өттү.

Мындан тышкары, кара тумоо, күйдүргү, бруцеллёз жана кутурма оорулары боюнча окуу программалары иштелип чыгып, медициналык жана ветеринардык адистер окутулду. Ошондой эле медициналык калдыктарды коопсуз зыянсыздандыруу үчүн саламаттык сактоо мекемелерине жана лабораторияларга 11 автоклав орнотулду.

Бул багыттагы иштер Бишкекте өткөн "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасына арналган тегерек столдо талкууланды. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, АКШ элчилигинин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда эпидемиологиялык көзөмөлдү жакшыртуу, лабораториялардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жугуштуу оорулардын, анын ичинде жаныбарлардан адамдарга жугуучу оорулардын алдын алуу маселелери каралды.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк микрофинансылык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту

Улуттук банк микрофинансылык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту

27-октябрда Улуттук банктын төрагасы А. Бакетаев микрофинансылык уюмдардын жетекчилери, "Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы" жана "Кыргызстан банктарынын союзу" бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди. Маалымдалгандай, жолугушууда микрофинансы секторунун учурдагы абалы, көйгөйлөрү жана аны өнүктүрүү маселелери талкууланды. Сектордун өкүлдөрү финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын

Ишкер Media
Ошто мыйзамсыз курулуш токтотулду

Ошто мыйзамсыз курулуш токтотулду

Бүгүн Ош шаарындагы К. Абдыразаков көчөсүнүн Б. Нурматов көчөсү менен кесилишкен жеринде мыйзамсыз жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери токтотулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Текшерүү учурунда курулуштун тиешелүү муниципалдык жана мамлекеттик органдардын эч кандай уруксат берүүчү документи жок жүргүзүлүп жатканы аныкталган. Шаардык мэрия билдиргендей, шаардын башкы планына ылайык бул аймак жашылдандыруу зонасы

Ишкер Media
Өлкө башчысы Садыр Жапаров Түркияга иш сапар менен барат

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Түркияга иш сапар менен барат

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 29–30-октябрда Түркиянын Анкара шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, өлкө лидери Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 13-саммитине катышат. Саммитте аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланат. Жыйынтыгында

Ишкер Media
Ала-Букада чек арачыларга 31 миллион сомго турак үй курулду

Ала-Букада чек арачыларга 31 миллион сомго турак үй курулду

26-октябрда Ала-Бука районунун Ызар айылында "Баймак - автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматчылары үчүн курулган жаңы турак үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ала-Бука Райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Ачылыш аземине Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Мирзамир Сыдыков, район акими Темирболот Абыкеев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү

Ишкер Media