Өлкө башчысы Садыр Жапаров Түркияга иш сапар менен барат
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 29–30-октябрда Түркиянын Анкара шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө лидери Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 13-саммитине катышат.
Саммитте аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланат.
Жыйынтыгында Анкара декларациясына жана уюмга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын чыңдоого багытталган башка документтерге кол коюу пландалууда.