Караколдо 530 ипотекалык батир ноябрда бүтөт
Каракол шаарындагы "Хан-Теңири" турак жай комплексинин экинчи этабынын алкагында курулуп жаткан 530 батир ноябрь айында бүткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Учурда 530 батирден турган 6 турак жай блогунун курулушу аяктоо алдында турат.
Туманбаев жооптуу кызматкерлерге курулушту белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды. Ошондой эле турак жай комплексин жылуулук менен камсыздай турган өзүнчө откананын иши менен таанышты.
Жалпысынан "Хан-Теңири" турак жай комплексинде 69 турак жай блогуна жайгашкан 3 миң 430 батир, 2 бала бакча жана 1 мектеп куруу пландалган.