"Эко Оператор" ишканасы 9 айда утилдештирүү жыйымынан 342 млн сом чогултту

"Эко Оператор" ишканасы 9 айда утилдештирүү жыйымынан 342 млн сом чогултту

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" мамлекеттик ишканасы 2026-жылдын 9 айында утилдештирүү жыйымынан 342 млн 417,2 миң сом чогултту.

Министрликтен маалымдалгандай, 2025-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу утилдештирүү жыйымынан түшкөн каражаттын көлөмү 214 млн 411,3 миң сомго көбөйгөн.

Төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү, төлөмдөрдүн өз убагында түшүшүн камсыз кылуу жана карыздарды өндүрүү боюнча иштер Мамлекеттик бажы кызматы жана Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте улантылууда.

Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы №322 токтомуна ылайык, керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетүүгө тийиш болгон товарлардын жана товарлардын таңгактарынын 24 тобунун тизмеси бекитилген.

Утилдештирүү жыйымын төлөө тартиби жана анын ставкалары Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде чек арага чектеш 27 айылда суу долбоору ишке ашууда

Баткенде чек арага чектеш 27 айылда суу долбоору ишке ашууда

Баткен облусунда чек арага чектеш 27 айылда суу менен камсыздоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлү кабарлады. Маалыматка караганда, облус жетекчисинин орун басары Абдирашит Ташбалтаев "Мерсико" жана PATRIP уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, сугат жана ичүүчү суу системаларын өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Долбоор Германия Өкмөтүнүн PATRIP фонду аркылуу каржыланган

Ишкер Media
Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга арыз берди

Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга арыз берди

Сыймык Жапыкеев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашкандай, Жапыекеев бүгү 28-октябрда президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 12-ноябрында саат 24:00дө аяктайт. Борбордук

Ишкер Media
Күздүк ным топтоо иштери активдүү жүрүүдө

Күздүк ным топтоо иштери активдүү жүрүүдө

26-октябрга карата республика боюнча сугат суу берүү планы 80% аткарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө караганда, быйыл жаанчыл болгондуктан топурак нымдуу болуп, сууга муктаждык аз болду. Суу булактарынан секундасына 117,74 м³ суу алынып, күздүк себүү жана ным топтоо сугаты жүргүзүлүүдө. Жалпы план 6 271,36 млн

Ишкер Media
ЖК салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды

ЖК салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында салык салуу чөйрөсүндөгү бир катар мыйзам долбоорлору бириктирилип, экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алынды. Бул боюнча Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Алтынбек Кудайбердиев маалымат берди. Анын айтымында мыйзам долбоорлору жеке жактардын салыктык жүгүн азайтууга, салык төлөгөндөн кийин алардын карамагында кала

Ишкер Media