ЖК салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында салык салуу чөйрөсүндөгү бир катар мыйзам долбоорлору бириктирилип, экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алынды. Бул боюнча Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Алтынбек Кудайбердиев маалымат берди.
Анын айтымында мыйзам долбоорлору жеке жактардын салыктык жүгүн азайтууга, салык төлөгөндөн кийин алардын карамагында кала турган кирешени көбөйтүүгө жана салыктык жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Ошондой эле өзгөртүүлөр жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк окутуучуларды жана адистерди Кыргызстанга тартуу, билим берүү инфраструктурасын жаңылоо үчүн жагымдуу укуктук жана экономикалык шарттарды түзүүнү көздөйт.
Мыйзам долбоорлоруна Салык кодексине, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерине жана тышкы миграцияга байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуштары камтылган.
Алтынбек Кудайбердиевдин айтымында, үч мыйзам долбоору экинчи окууга даярдоонун жүрүшүндө бирдиктүү документке бириктирилген. Ушундан улам талкуунун жыйынтыгында депутаттар бирдиктүү мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алышты.