Баткенде 9 айда 91 чакырымдан ашык жол асфальтталды
Баткен облусунда 2026-жылдын тогуз айында 91,67 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жол курулуш иштерине жалпы 778,3 млн сом жумшалган. Ошондой эле облуста 20 социалдык жана 4 өнөр жай объектиси пайдаланууга берилген.
Учурда Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 38 объектте курулуш жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Алардын ону пайдаланууга берилип, жыл аягына чейин дагы үч объектти бүткөрүү пландалууда.
Мындан тышкары, АРИС уюмунун колдоосу менен 10 объект курулуп, облустун 40 айылында таза суу менен камсыздоо иштери жүрүп жатат.