Кара-Сууда жайытка мыйзамсыз үй куруудан 390 миң сом зыян келтирилди
Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын аймактагы башкармалыгы Ош облусунун Кара-Суу районунда жайыт жерге уруксатсыз турак үй курулгандыгы аныктады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, Отуз-Адыр айыл аймагындагы Курбан-Кара айылынын Мирный участкасында жүргүзүлгөн мониторинг учурунда жайыт жерлерине тиешелүү уруксат документтерисиз курулуш иштери жүргүзүлгөнү белгилүү болгон.
Тактап айтканда, узундугу 42 метр, туурасы 25 метр болгон жер тилкесинде жер кыртышы бузулуп, үстү жабылган турак үй жана кошумча пайдубал курулган.
Мындан улам жер кыртышына келтирилген зыян 390 миң 600 сом деп эсептелип, аталган сумманы өндүрүү боюнча доо коюлган.
Тиешелүү материалдар мыйзам чегинде чара көрүү үчүн Кара-Суу райондук прокуратурасына жана райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.