ОшМУ чет өлкөлүк беш университет менен келишим түздү

ОшМУ чет өлкөлүк беш университет менен келишим түздү

Ош мамлекеттик университети Ташкентте өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн эл аралык билим берүү форумунун алкагында беш жогорку окуу жайы менен кызматташуу боюнча келишимдерге кол койду. Бул тууралуу аталган университеттен билдиришти.

Маалыматына караганда, иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Пакистан, Польша, Түркия, Канада жана башка өлкөлөрдүн билим берүү мекемелеринин жетекчилери, окумуштуулар жана эл аралык эксперттер катышты.

Форумдун алкагында ОшМУнун өкүлдөрү чет элдик жогорку окуу жайларынын жетекчилери менен жолугуп, кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

Жолугушуулардын жыйынтыгында төмөнкү окуу жайлары менен эки тараптуу кызматташуу келишимдери түзүлдү:

  • Жизак политехникалык институту;
  • Фергана мамлекеттик техникалык университети;
  • Ташкент мамлекеттик чыгыш таануу университети;
  • Ургенч мамлекеттик университети;
  • Бухара мамлекеттик медициналык институту.

Документтер билим берүү жана илим тармагындагы байланыштарды өнүктүрүүгө, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-тажик чек арасына 327,5 чакырым тосмо орнотулду

Кыргыз-тажик чек арасына 327,5 чакырым тосмо орнотулду

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын инженердик жактан жабдуу жана тосуу иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, чек ара тилкесинде жалпы 327,5 чакырым аралыкка тосмо орнотулуп, жүздөгөн чакырым талаа жолдору салынган. Учурда эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын демаркациялоо иштеринин алкагында

Ишкер Media
Баткенде орточо эмгек акы 41 миң 790 сомго жетти

Баткенде орточо эмгек акы 41 миң 790 сомго жетти

Баткен облусунда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында орточо эмгек акы 41 миң 790 сомго жетти. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, эмгек акы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33,3 %га өскөн. Ал эми минималдык керектөө бюджети 9491 сомду түзгөн. Ошондой эле тогуз

Ишкер Media
Кыргызстандыктар үчүн Египетке кирүү эрежелери өзгөрдү

Кыргызстандыктар үчүн Египетке кирүү эрежелери өзгөрдү

Египет кыргыз жарандары үчүн жаңы кирүү талаптарын жарыялады. Ал 2026-жылдын 1-ноябрынан тарта күчүнө кирет. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өзгөртүүлөр Борбордук Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан жарандарына тиешелүү. Маалыматка ылайык, алдыда саякатты пландап жаткан кыргызстандыктар Астанадагы Египет элчилигинен же башка ыйгарым укуктуу дипломатиялык миссиядан алдын ала кирүү

Ишкер Media
Ички иштер министрлиги 9 айдын жыйынтыгын чыгарды

Ички иштер министрлиги 9 айдын жыйынтыгын чыгарды

Ички иштер министрлиги 2026-жылдын 9 айындагы ыкчам-кызматтык ишмердиктин жыйынтыгы чыгарылды. Ички иштер министри Улан Ниязбековдун төрагалыгы алдында коллегиялык отурум өттү. Ага министрдин биринчи орун басары, орун басарлары, ички аскерлердин кол башчысы жана ички иштер органдарынын башчылары катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлайт. Күн тартибинде ички иштер органдарынын

Ишкер Media