Өлкөгө айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө 6 айга тыюу салынды
Кыргызстандын аймагына курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Чечим ата мекендик курулуш материалдарын өндүрүүчүлөрдү колдоо, ички рынокту турукташтыруу жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган. Тыюу салуунун мөөнөтү алты ай деп белгиленди.
Тыюу салынган курулуш материалдарынын түрлөрүнүн толук тизмеси жана токтом менен тиешелүү документте таанышууга болот.