Чек ара жаңжалынан жабыркагандардын турак жай маселеси каралды

Чек ара жаңжалынан жабыркагандардын турак жай маселеси каралды

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылышуунун кесепеттерин жоюу боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу Минкабдын маалымат кызматы кабарлады.

Жыйында 2021–2022-жылдары кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган жарандарды турак жай менен камсыз кылуу маселеси талкууланды.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик комиссия жаңжалдын кесепеттерин жоюу, жабыркагандарга жардам берүү, турак жайларды жана инфраструктураны калыбына келтирүү боюнча 172 тапшырманы аткарган.

Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга турак жай маселелерин толук чечүүнү, ар бир учурду жекече карап чыгууну жана иштерди кечиктирбөөнү тапшырганы кошумчаланган маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдөгү 500 мектепке шахмат ийримдери уюштурулат

Өлкөдөгү 500 мектепке шахмат ийримдери уюштурулат

Өлкөнүн мектептерине шахмат ийримдерин уюштуруу үчүн керектүү жабдуулар жеткирилүүдө. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, 2026-2027-окуу жылында республиканын 500 жалпы билим берүү уюмундагы 3-5-класстардын окуучулары үчүн шахмат ийримдери уюштурулууда. "Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча мектептерге 7 500 комплект шахмат, 2500 таймер жана 500 демонстрациялык шахмат тактасы жеткирилди. Пилоттук

Ишкер Media
63 жыл асманда: 83 жаштагы стюардесса пенсияга чыкты

63 жыл асманда: 83 жаштагы стюардесса пенсияга чыкты

American Airlines компаниясынын эң тажрыйбалуу борт коштоочусу Кэрол Фэйр 83 жашында пенсияга чыкты. Ал акыркы каттамын 26-октябрда Лондондон АКШнын Түндүк Каролина штатындагы Шарлотт шаарына аткарган. Аны аэропорттон үй-бүлөсү, достору жана кесиптештери тосуп алышкан. Авиакомпания анын урматына атайын узатуу аземин жана суу салютун уюштурган. Рeople басылмасынын маалыматына ылайык, Фэйр

Ишкер Media
Баткенде 9 айда 91 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Баткенде 9 айда 91 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Баткен облусунда 2026-жылдын тогуз айында 91,67 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жол курулуш иштерине жалпы 778,3 млн сом жумшалган. Ошондой эле облуста 20 социалдык жана 4 өнөр жай объектиси пайдаланууга берилген. Учурда Баткен облустук капиталдык

Ишкер Media
Улуттук банктын атынан 1% менен кредит сунуштаган шылуундар пайда болду

Улуттук банктын атынан 1% менен кредит сунуштаган шылуундар пайда болду

Кыргызстанда алдамчылар Улуттук банктын атынан жасалма сертификаттарды таратып, жарандарга жылдык 1% менен кредит сунуштап жатышат. Бул тууралуу   Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, шылуундар өздөрүн финансылык консультант катары тааныштырып, мессенджерлер аркылуу Улуттук банктын атынан даярдалган жасалма сертификаттарды жөнөтүшүүдө. Ушундан улам, Улуттук банк жарандарга түздөн-түз кредит бербей турганын

Ишкер Media