Улуттук банктын атынан 1% менен кредит сунуштаган шылуундар пайда болду

Улуттук банктын атынан 1% менен кредит сунуштаган шылуундар пайда болду

Кыргызстанда алдамчылар Улуттук банктын атынан жасалма сертификаттарды таратып, жарандарга жылдык 1% менен кредит сунуштап жатышат. Бул тууралуу   Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шылуундар өздөрүн финансылык консультант катары тааныштырып, мессенджерлер аркылуу Улуттук банктын атынан даярдалган жасалма сертификаттарды жөнөтүшүүдө.

Ушундан улам, Улуттук банк жарандарга түздөн-түз кредит бербей турганын жана мессенджерлер аркылуу кредиттик консультацияларды жүргүзбөй турганын белгилеп, алдамчылардан коргонуу үчүн жарандарды төмөнкү эрежелерди сактоого чакырды:
  • Мессенджер аркылуу жөнөтүлгөн сертификаттардын сүрөттөрүнө ишенбөө;
  • Шектүү шилтемелерди ачпоо;
  • Банк картасынын маалыматтарын жана тастыктоо коддорун эч кимге бербөө;
  • Акчага байланыштуу шашылыш чечим кабыл албоо сунушталат.

Мындан тышкары окуңуз

Курулуш материалдарын импорттоого тыюу мөөнөтүнөн мурда алынды

Курулуш материалдарын импорттоого тыюу мөөнөтүнөн мурда алынды

Кыргызстанда сырттан курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн алып кирүүгө киргизилген убактылуу тыюу мөөнөтүнөн мурда алынды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Маалыматка караганда, документ расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Эске салсак, буга чейин 2026-жылдын 14-сентябрында курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн импорттоого алты айлык тыюу киргизилген. Чектөө

Ишкер Media
Өлкөдөгү 500 мектепке шахмат ийримдери уюштурулат

Өлкөдөгү 500 мектепке шахмат ийримдери уюштурулат

Өлкөнүн мектептерине шахмат ийримдерин уюштуруу үчүн керектүү жабдуулар жеткирилүүдө. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, 2026-2027-окуу жылында республиканын 500 жалпы билим берүү уюмундагы 3-5-класстардын окуучулары үчүн шахмат ийримдери уюштурулууда. "Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча мектептерге 7 500 комплект шахмат, 2500 таймер жана 500 демонстрациялык шахмат тактасы жеткирилди. Пилоттук

Ишкер Media
63 жыл асманда: 83 жаштагы стюардесса пенсияга чыкты

63 жыл асманда: 83 жаштагы стюардесса пенсияга чыкты

American Airlines компаниясынын эң тажрыйбалуу борт коштоочусу Кэрол Фэйр 83 жашында пенсияга чыкты. Ал акыркы каттамын 26-октябрда Лондондон АКШнын Түндүк Каролина штатындагы Шарлотт шаарына аткарган. Аны аэропорттон үй-бүлөсү, достору жана кесиптештери тосуп алышкан. Авиакомпания анын урматына атайын узатуу аземин жана суу салютун уюштурган. Рeople басылмасынын маалыматына ылайык, Фэйр

Ишкер Media
Баткенде 9 айда 91 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Баткенде 9 айда 91 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Баткен облусунда 2026-жылдын тогуз айында 91,67 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жол курулуш иштерине жалпы 778,3 млн сом жумшалган. Ошондой эле облуста 20 социалдык жана 4 өнөр жай объектиси пайдаланууга берилген. Учурда Баткен облустук капиталдык

Ишкер Media