Бишкекте 2 миңге чукул көп кабаттуу үйгө жылуулук берилди

Бишкекте 2 миңге чукул көп кабаттуу үйгө жылуулук берилди

Бишкек шаарында 29-октябрда 1 870 көп кабаттуу турак үй жылытуу системасына кошулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы жылуулук системасындагы гидравликалык режимдерди жөнгө салуу жана абоненттерди жылытуу системасына бирдей шартта кошуу иштерин жүргүзүүдө.

Жылуулук менен камсыздоо системасын децентралдаштыруунун алкагында № 10 кичи район толугу менен "Бишкекжылуулукэнерго" ишканасынын карамагына өткөрүлдү.

Учурда ишкана аталган аймактагы турак үйлөрдү жылытуу системасына кошуу иштерин баштады.

Мындан тышкары, кечээ Куруучулар шаарчасындагы, Энергетиктер шаарчасындагы жана Учкун кичи районундагы турак үйлөрдү жылытуу системасына кошуу иштери башталды. Учурда бул аймактардагы 57 турак үй жылытуу системасына кошулду.

Аталган аймактар да децентралдаштыруунун алкагында "Бишкекжылуулукэнерго" ишканасынын карамагына өткөрүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Кесиптик билим алган жаштарга жеңилдиктерди берүү долбоору сунушталды

Кесиптик билим алган жаштарга жеңилдиктерди берүү долбоору сунушталды

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2030-жылга чейинки "Кесипкөй кадрлар" программасынын долбоорун сунуштады. Анда учурда иштеп жаткан же кесиптик билим алып жаткан жаштарга бир катар жеңилдиктер каралат. Министрликтин маалыматы боюнча бул программанын алкагында кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлинде кеминде алты айлык милдеттүү өндүрүштүк практика киргизилет. "

Ишкер Media
Адылбек Касымалиев: "Жол тармагына каржылоо 60 млрд сомго жетти"

Адылбек Касымалиев: "Жол тармагына каржылоо 60 млрд сомго жетти"

Бүгүн, 30-октябрь – автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Майрамдык иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жаңы сатып алынган элүүдөн ашуун атайын техниканын ачкычын тапшырды.  Министр Талантбек Солтобаев самосвал, автогрейдер, жүктөгүчтөр сыяктуу атайын техникалар тууралуу маалымат берди. Анда Адылбек Касымалиев мындай машиналар

Ишкер Media
Быйыл айыл чарбасы үчүн 12,6 млрд сомдон ашык насыя берилди

Быйыл айыл чарбасы үчүн 12,6 млрд сомдон ашык насыя берилди

Кыргызстанда 2026-жылы агроөнөр жай комплексин каржылоого 12,6 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди. 2026-жылы агроөнөр жай комплексин жеңилдетилген каржылоо боюнча 8 долбоор ишке ашырылууда. Маалыматка ылайык, кредиттердин жалпы суммасы 12 млрд 614,3

Ишкер Media
Ысык-Көлдөн бир күндө 3100 метр тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн бир күндө 3100 метр тор чыгарылды

29-октябрда Ысык-Көлдүн акваториясынан жалпы 3100 метр эски синтетикалык балык уулоочу тор жана 40 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, көлдү тазалоо иштеринин жүрүшүндө алгач 2500 метр эски тор жана 40 килограмм таштанды чыгарылган. Мындан тышкары, Жаркымбаев, Өрүктү жана Чоң Өрүктү айылдарынын аймагында браконьерликке

Ишкер Media