Быйыл айыл чарбасы үчүн 12,6 млрд сомдон ашык насыя берилди
Кыргызстанда 2026-жылы агроөнөр жай комплексин каржылоого 12,6 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.
2026-жылы агроөнөр жай комплексин жеңилдетилген каржылоо боюнча 8 долбоор ишке ашырылууда.
Маалыматка ылайык, кредиттердин жалпы суммасы 12 млрд 614,3 млн сомду түзүп, анын ичинен 12 млрд 645,7 млн сом берилген. Жалпысынан 10 599 насыя каржыланып, субсидиялардын жалпы көлөмү 1 млрд 198 млн сомду түздү.
Жеңилдетилген насыялар жылдык 2–6 пайыздык чен менен 3 жылдан 7 жылга чейинки мөөнөткө берилет. Ал эми жеңилдетилген мезгил 6 айдан 12 айга чейин каралган.
Каржылоонун көлөмү боюнча:
- Чүй облусу 3 млрд 798,6 млн сом;
- Ысык-Көл облусуна 2 млрд 218,9 млн сом;
- Жалал-Абад облусуна 1 млрд 910,5 млн сом;
- Ош облусуна 1 млрд 547,5 млн сом;
- Талас облусуна 1 млрд 483,5 млн сом;
- Нарын облусуна 1 млрд 176,5 млн сом;
- Баткен облусуна 510,1 млн сом багытталган.