Ысык-Көлдөн бир күндө 3100 метр тор чыгарылды
29-октябрда Ысык-Көлдүн акваториясынан жалпы 3100 метр эски синтетикалык балык уулоочу тор жана 40 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, көлдү тазалоо иштеринин жүрүшүндө алгач 2500 метр эски тор жана 40 килограмм таштанды чыгарылган.
Мындан тышкары, Жаркымбаев, Өрүктү жана Чоң Өрүктү айылдарынын аймагында браконьерликке каршы рейддер жүргүзүлүп, көлдөн дагы 600 метр синтетикалык тор алынган.
Министрлик белгилегендей, тазалоо иштери президенттин Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча жарлыгын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө. Көлдү тазалоо жана браконьерликке каршы күрөшүү иштери мындан ары да улантылат.