Кыргызстан түрк мамлекеттери менен биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Кыргызстан түрк мамлекеттери менен биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Түркия Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 13-саммитине катышып сөз сүйлөдү. 

Мамлекет башчысы өз сөзүндө азыркы геосаясий жана экономикалык өзгөрүүлөрдүн шартында Түрк мамлекеттер уюмунун ролу өсүп жатканына токтолуп, Кыргызстан биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып, өндүрүштүк чынжырларды түзүүгө кызыкдар экенин айтты.  

Президент артыкчылыктуу багыттардын катарында транспорттук-логистикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү, чек ара жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнү жана жүк ташууну тездетүүнү белгиледи. Ошондой эле ал “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун жана анын Каспий деңизи аркылуу Орто коридор менен байланыштыруунун стратегиялык маанисин баса белгиледи. 

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы Кыргызстан 2027-жылы Түрк мамлекеттер уюмунун экология министрлеринин жолугушуусун өткөрүүгө даяр экенин айтып, боордош өлкөлөрдүн башчыларын 2027-жылдын октябрь айында Бишкекте өтө турган “Бишкек+25” Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды. 

Мамлекет башчысы Кыргызстандын билим берүү системасын өнүктүрүүгө Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен “Маариф” фондунун кошкон олуттуу салымын белгилеп, топтолгон тажрыйбаны башка боордош өлкөлөр менен биргелешкен билим берүү мекемелерин түзүүдө пайдаланууну сунуштады. 

Ошондой эле ал Кыргызстанда жыл бою иштей турган “Ала-Тоо Резорт” туристтик кластерин түзүү долбоору ишке ашырылып жатканын айтып, ал жылына 2 миллионго чейин туристти кабыл алууга жана 5 миңге жакын жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берерин билдирди. Биринчи объекттин ачылышы үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына пландалган. 

Мамлекет башчысы боордош өлкөлөрдүн өкүлдөрүн бул иш-чарага катышууга чакырып, ошондой эле ишкерлерди мейманканаларды, ресторандарды жана башка объектилерди куруу жаатында инвестициялык кызматташтыкка үндөдү. 

Иш-чаранын жыйынтыгында ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери төмөнкү документтерге кол коюшту: 

  • Түрк мамлекеттер уюмунун 13-саммитинин декларациясы;
  • Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду “Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени” менен сыйлоо жөнүндө чечим;
  • Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысын дайындоо жөнүндө чечим;
  • Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басарларын дайындоо жөнүндө чечим;
  • Түрк академиясынын Президентин дайындоо жөнүндө чечим.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Кытай өнөр жай кооперациясын өнүктүрөт

Кыргызстан менен Кытай өнөр жай кооперациясын өнүктүрөт

КРнын Соода-өнөр жай палатасы жана Кытайдын Эл аралык сооданы өнүктүрүүгө көмөктөшүү комитети (CCPIT) өнөр жай кооперациясы боюнча кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу 30-октябрда мекемеден маалымдады. Негизги багыттардын бири — Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Өнөр жай кооперациясы борборун өнүктүрүү. Маалыматка караганда, кытайлык өнөктөштөрдү тартуу менен Кыргызстандын экономикасынын

Ишкер Media
Адылбек Касымалиевге - Эмгек Баатыры наамы, үч жетекчиге Манас ордени ыйгарылды

Адылбек Касымалиевге - Эмгек Баатыры наамы, үч жетекчиге Манас ордени ыйгарылды

Президент Садыр Жапаров бир катар мамлекеттик кызматкерлерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге "Эмгек Баатыры" артыкчылык даражасы ыйгарылды. Ал эми I даражадагы "Манас" ордени менен төмөнкү жетекчилер сыйланды: * Айбек Жунушалиев — Бишкек шаарынын мэри; * Улан Ниязбеков — ички иштер

Ишкер Media
Кыргызстанга Кытайдан тартылган инвестиция 2 млрд доллардан ашты

Кыргызстанга Кытайдан тартылган инвестиция 2 млрд доллардан ашты

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кытайдын Синьцзян аймагында өткөн Ишкер кеңештин жыйынына катышты. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы маалымдады. Жыйында ал кыргыз-кытай экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүдө ишкерлердин ролу маанилүү экенин белгилеп, кыргыз продукциясын Кытай рыногуна чыгаруу, жаңы транспорттук каттамдарды өнүктүрүү жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду. Анын айтымында,

Ишкер Media
Китеп басып чыгуу боюнча мамлекеттик программа талкууланды

Китеп басып чыгуу боюнча мамлекеттик программа талкууланды

МинКаб Төрагасынын орун басары Улан Маматканов 2027-2030-жылдарга карата мектептер үчүн окуу китептерин басып чыгаруу боюнча мамлекеттик программага байланыштуу жыйын өткөрдү. Анда аталган программанын иш-аракеттер планы, окуу китептеринин сапатын камсыздоо, эксперттик баалоо механизмдерин өркүндөтүү жана мектеп китепканаларын санариптештирүү маселелери каралды. Анын жүрүшүндө агартуу министрлигинин өкүлдөрү окуу китептерин эксперттик

Ишкер Media