Жумушсуздарды ишке алган ишкерлерге 150 миң сом берилет

Жумушсуздарды ишке алган ишкерлерге 150 миң сом берилет

Кыргызстанда "Социалдык контракт" программасынын алкагында жаңы пилоттук долбоор ишке киргизилет. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары А. Алиясов тегерек столдо билдирди.

Ага ылайык, расмий каттоодо турган бир жумушсуз жаранды ишке орноштурган ишкерлерге 150 миң сом кайтарымсыз каржылык колдоо көрсөтүлөт.

Пилоттук долбоор эсептелип, Бишкек, Ош, Каракол шаарларында жана Кадамжай районунда ишке ашырылат. Ишкерлерди тандоодо алардын туруктуу кирешеси, сунуштаган эмгек акысы жана кызматкерлерди окутуу мүмкүнчүлүктөрү эске алынат. Программанын мурдагы катышуучуларына артыкчылык берилет.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2022-жылдан бери "Социалдык контракт" программасынын алкагында 60 миңге жакын аз камсыз болгон үй-бүлө менен келишим түзүлгөн. Катышуучулардын 93 %ын аялдар түзөт.

Программанын алкагында берилүүчү жардамдын көлөмү алгач 100 миң сом болсо, 2025-жылдан тартып 150 миң сомго көбөйтүлгөн. Алгачкы катышуучулардын ичинен 31 үй-бүлө жылдык кирешесин 1 млн сомдон ашырууга жетишкен.

Жаңы долбоор кошумча жумуш орундарын түзүүгө, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрүн расмий ишке орноштурууга жана алардын мамлекеттик жардамга болгон көз карандылыгын азайтууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

КРнын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кытайдын Эл аралык соодага көмөктөшүү кеңешинин (CCPIT) төрагасынын орун басары Лю Цзяньнань менен жолугушту. Мекемеден маалымдагандай, тараптар кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү, бизнес байланыштарды чыңдоо жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Жолугушуу эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн түз байланыштарын күчөтүп, өз

Ишкер Media
Ысык-Көлдөгү жайлоого 3 көпүрө куруу пландалууда

Ысык-Көлдөгү жайлоого 3 көпүрө куруу пландалууда

Ысык-Көл облусунда жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүлүп, көрүлүп жаткан иш-аракеттер менен айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Республика боюнча 10 млн гектарга жакын жайыт жер бар, анын 180 миң гектары деградацияга учураган. Маалым болгондой, жайыттарды калыбына келтирүү программасынын

Ишкер Media
Кыргыз-Казак кызматташтыгы  жаңы деңгээлге чыкканы айтылды

Кыргыз-Казак кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыкканы айтылды

Кыргызстан менен Казакстандын кызматташтыгы мамлекет башчыларынын ишенимдүү мамилелеринин негизинде жаңы деңгээлге чыкты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 14-жыйынында билдирди. Ал өз сөзүндө эки элди көп кылымдык тарыхый, руханий жана боордоштук байланыштар бириктирип турарын белгиледи. “Биздин боордош элдерди эки тараптуу кызматташтыктын бардык мүмкүнчүлүктөрүн

Ишкер Media
Түндүк - Түштүк альтернативдик жолу 1-ноябрдан тарта жабылат

Түндүк - Түштүк альтернативдик жолу 1-ноябрдан тарта жабылат

Түндүк - Түштүк альтернативдик жолу 1-ноябрдан тарта жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашат. 2026-жылдын 1-ноябрынан тартып туристтик мезгилдин аякташына жана күз-кыш мезгилинде табигый кырсыктардын келип чыгуу коркунучунун жогорулашына байланыштуу Балыкчы - Жалал-Абад ("Түндүк - Түштүк") альтернативдүү жолунда транспорт каражаттарынын кыймылы убактылуу токтотулат.

Ишкер Media