Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды
КРнын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кытайдын Эл аралык соодага көмөктөшүү кеңешинин (CCPIT) төрагасынын орун басары Лю Цзяньнань менен жолугушту.
Мекемеден маалымдагандай, тараптар кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү, бизнес байланыштарды чыңдоо жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Жолугушуу эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн түз байланыштарын күчөтүп, өз ара пайдалуу өнөктөштүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу максатында өткөрүлдү.