Ысык-Көлдөгү жайлоого 3 көпүрө куруу пландалууда
Ысык-Көл облусунда жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүлүп, көрүлүп жаткан иш-аракеттер менен айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жайыттарды калыбына келтирүү программасынын алкагында кунарсыз жерлерге чөп үрөндөрүн себүү, мал жебеген отоо чөптөргө каршы күрөшүү жана жайыттарды кезектешип пайдалануу каралган.
Аталган иштердин алкагында Түп районунун Ысык-Көл айыл аймагына караштуу Сары-Булуң жана Ынтымак айылдарынын жакынкы жайыттарындагы кунарсыз жерлерге чөп үрөндөрү механизацияланган ыкма менен себилди.
Ошол эле учурда Сары-Жаз жайлоосунун ички жолдорунун 100 чакырымга жакын бөлүгүн жана Жаак жайлоосуна баруучу 12 чакырым жолду оңдоо зарылдыгы бар.
Мындан тышкары, Түп районундагы Чымынды-Сай, Чаркудук жана Дөңгөлөк-Саз жайлоолорундагы жалпы аянты 12 005 гектарды түзгөн жайыттарды натыйжалуу пайдалануу маселеси каралды. Аталган жайыттарды пайдаланып келген 97 жайыт пайдалануучуну 2027-жылдан тартып Сары-Жаз жайлоосуна чыгаруу пландалууда.
Министрлик жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу, деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирүү жана мал чарбачылыгынын тоют базасын чыңдоо боюнча программа иштелип чыкканын белгиледи.