Түндүк - Түштүк альтернативдик жолу 1-ноябрдан тарта жабылат
Түндүк - Түштүк альтернативдик жолу 1-ноябрдан тарта жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашат.
2026-жылдын 1-ноябрынан тартып туристтик мезгилдин аякташына жана күз-кыш мезгилинде табигый кырсыктардын келип чыгуу коркунучунун жогорулашына байланыштуу Балыкчы - Жалал-Абад ("Түндүк - Түштүк") альтернативдүү жолунда транспорт каражаттарынын кыймылы убактылуу токтотулат.
Жалал-Абад – Балыкчы жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Бул жол 1-июнда убактылуу ачылып, туристтик мезгилде негизги жолдордогу унаа агымын азайтуу үчүн пайдаланууга берилген.