Нарында кен казуу иштерин жүргүзгөн ишканалар суу үчүн 1,2 млн сомдон ашык төлөм төлөштү
Нарын облусунун Жумгал районундагы "Миң-Куш" тилкесинде кен казуу иштерин жүргүзгөн ишканалар 2026-жылы суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн 1 млн 225 миң 331 сом төлөштү.
Айыл чарба министрлигинен кабарлагандай, төлөмдөр суу эсептегичтердин көрсөткүчтөрүнө жана техникалык долбоордо белгиленген көлөмгө ылайык жүргүзүлдү.
Ошондой эле Ат-Башы районундагы Чой-Жап өрөөнүндө жайыт жерлеринин мыйзамсыз ээлеп алынышы жана максатсыз пайдаланылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.
Анын жүрүшүндө жайыт жерине мыйзамсыз курулган мал чарба сарайы аныкталып, курулуш буздурулду.