Талас облусунда социалдык жана өндүрүштүк багыттагы 29 объекттин курулушу аяктады
Талас облусунда социалдык, билим берүү, маданий жана өндүрүштүк багыттагы 29 объекттин курулушу аяктады. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирди.
Маалыматка ылайык, аймактардагы инфраструктураны өнүктүрүү үчүн кошумча каражаттар бөлүнгөн.
Тактап айтканда, Талас районунда объекттерди оңдоого, жол инфраструктурасын жакшыртууга, ичүүчү суу менен камсыздоого жана сугат иштерине 366 млн сом каралган.
Ал эми Бакай-Ата районунда 12 объектти капиталдык курууга 226 млн сом бөлүнгөн.
Мамлекет башчысы мектептерди, бала бакчаларды жана спорт аянтчаларын куруу, ичүүчү суу менен камсыздоо маселелери жакынкы жылдары белгиленген пландын негизинде чечилерин билдирди.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу