Көмүр экспортуна 6 айга тыюу салуу сунушталууда
Кыргызстанда көмүрдү сыртка ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору бүгүн коомдук талкууга чыгарылды.
Документ өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу, ички рынокто катуу отундун тартыштыгын алдын алуу жана көмүрдү экспорттоо боюнча операцияларды мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуу механизмдерин белгилөө максатында иштелип чыккан.
Анда бул чараларды колдонуу көмүрдүн тартыштыгынын алдын алууга, анын ичинде отундун альтернативдүү түрлөрүнө жетүү мүмкүнчүлүгү чектелген региондордо көмүр тартыштыгына жол бербөөгө жана баалардын кескин өсүшүн ооздуктоого өбөлгө түзөрү айтылат.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын январь айынан тартып 20-октябрына чейинки мезгилде "Кыргызкөмүр" ачык акционердик коому аркылуу автомобиль транспорту менен жалпы суммасы 3,0 млрд сомдон ашык болгон болжол менен 539 миң тонна көмүр экспорттолгон. Анын жыйынтыгы боюнча болжол менен 126,5 млн сом өлчөмүндө пайда алынган.
Министрлер Кабинетинин сунушталган токтом долбоору финансылык-экономикалык эсептөөлөрдү жана талдоону жүргүзүүнү талап кылбайт. Ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу