Баткенде 40,3 миң тонна көмүр калкка жеткирилди

Баткенде 40,3 миң тонна көмүр калкка жеткирилди

Баткен облусунда 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыздоо иштери уланууда. Облустун көмүргө болгон жалпы керектөөсү 132–135 миң тоннаны түзөт. Анын ичинен калк үчүн 100,8 миң тонна көмүр талап кылынат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Билдрирүүгө ылайык, бүгүнкү күнгө карата калкка 40,3 миң тонна көмүр жеткирилген. Натыйжада 2026-жылдын апрель–ноябрь айларына бекитилген план 66 %га, ал эми жылдык план 40 %га аткарылган.

Учурда облус боюнча 69 көмүр сатуу пункту уюштурулган. Анын ичинен 31и муниципалдык пункттар болуп саналат. Мындан тышкары, көчмө көмүр сатуу түйүндөрү да иш алып барууда.

"Кыргызкөмүр" ААКсынын Түштүк филиалы тарабынан калкка 826,3 тонна көмүр жеткирилип, сатылууда. Ошондой эле айыл өкмөттөрү менен көмүр өндүрүүчү ишканалардын ортосундагы макулдашуулардын негизинде ортомчуларсыз 6 229 тонна көмүр түздөн-түз калкка жеткирилген.

Көмүр белгиленген жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмү менен макулдашылган баалардан ашырылбастан сатылууда.

Маалыматта белгиленгендей, күз-кыш мезгилине байланыштуу октябрь айынан тартып көмүрдү аймактарга жеткирүү иштери күчөтүлүп, калкты өз убагында отун менен камсыздоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын январь–сентябрь айларында Баткен облусундагы 50гө жакын көмүр өндүрүүчү ишкана тарабынан жалпы 1 млн 69 миң 100 тонна көмүр казылып алынган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Таласта жаңы ооруканалар жана перинаталдык борбор курулууда

Бакай-Атада кара өрүктү кайра иштетүүчү ишкана куруу колдоого алынат

Көмүр экспортуна 6 айга тыюу салуу сунушталууда

Талас облусунда социалдык жана өндүрүштүк багыттагы 29 объекттин курулушу аяктады

Нарында кен казуу иштерин жүргүзгөн ишканалар суу үчүн 1,2 млн сомдон ашык төлөм төлөштү