Президент: "Пенсиялардын өлчөмүн жыл сайын байкалаарлык көтөрүп турабыз"
Өлкө лидери Садыр Жапаров 3-ноябрда Талас облусунун тургундары менен болгон жолугушуусунда пенсиянын көлөмүн жогорулатуу, спорттук инфраструктураны өнүктүрүү, саламаттык сактоо жана жол куруу багыттарындагы иштер тууралуу маалымат берди.
Мамлекет башчысынын айтымында, Манас районунда 4 миң 316, ал эми Айтматов районунда 8 миң 985 адам пенсия алат. Быйыл 1-октябрдагы жогорулатуудан кийин пенсионерлердин орточо пенсиясы 11 миң 500 сомду түзгөн.
"Биз ар жыл сайын пенсиянын көлөмүн жакшы эле көтөргөнгө аракет кылып келебиз. Буюрса, жыл сайын байкаларлык көтөрүп турабыз деген планыбыз бар", - деди Садыр Жапаров.
Ошондой эле президент спорт тармагында ар бир айылда кичи футбол аянтчаларын куруу тапшырмасы коюлганын белгилеп, учурда Талас облусунда бул багыттагы курулуш иштери аяктаганын билдирди.
Жол инфраструктурасы боюнча акыркы беш жылда Айтматов районунда жалпы 23,5 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Ал эми 2026-жылы кошумча 38 чакырым жол асфальтталган.
Манас районунда акыркы беш жыл ичинде 28 чакырым жол асфальтталып, үстүбүздөгү жылы дагы 26 чакырым жолго асфальт төшөлгөн.
Өлкө башчысы бул иштер аймактардагы социалдык инфраструктураны жакшыртууга жана калктын жашоо шартын көтөрүүгө багытталганын белгиледи.