Жалал-Абад облусу боюнча 16 объект пайдаланууга берилди
Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин онлайн катышуусунда Жалал-Абад облусунда жалпы 16 социалдык жана өндүрүштүк объекттин ачылыш аземи болуп, алар пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Маалымдалгандай, ачылган объектилердин катарында мектептер, завод, музей жана фельдшердик-акушердик пункт бар.
Алардын ичинен тогуз объект министрлик тарабынан курулуп, пайдаланууга тапшырылды. Алардын арасында жаңы мектеп имараттары, кошумча окуу корпустары жана спорт залдары бар.
Атап айтканда:
- Р. Азимов көчөсүндөгү №13 мектептин 500 орундуу жаңы имараты;
- Чолок-Терек айылындагы №29 мектептин 375 орундуу жаңы имараты;
- Ж. Турусбеков атындагы №16 мектептин 225 орундуу жаңы корпусу;
- Катар-Жаңгак айылындагы Ж. Канашев атындагы №32 мектептин 225 орундуу имараты;
- Г. Бакиева атындагы 275 орундуу жалпы билим берүүчү мектептин жаңы имараты;
- Б. Акамбаев атындагы башталгыч мектептин 100 орундуу жаңы корпусу;
- Кара-Булак айылындагы Токтоболот атындагы №37 орто мектептин спорт залы;
- Орто-Азия айылындагы А. Базаров атындагы мектептин спорт залы;
- Таштак айылындагы О. Муратов атындагы мектептин спорт залы.
Жаңы билим берүү имараттарынын пайдаланууга берилиши окуучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, мектептердеги орун жетишсиздигин азайтууга жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Бул демилгелер аймактардагы социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган.


