Баткен шаарында жолдор төрт тилкеге кеңейтилүүдө
Баткен шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү жол курулуш иштеринин жүрүшү көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн билдиришти.
Маалымдалгандай, өкүлчүлүктүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, тиешелүү жетекчилерге жумуштарды тездетүү, жолдорду сапаттуу бүткөрүү жана белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүү боюнча тапшырмаларды берди.
Учурда Мурат Салихов жана Сайдиман ажы көчөлөрү төрт тилкеге кеңейтилип, асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Узундугу бир чакырымды түзгөн жолго эки катмар асфальт төшөлүп, жол чырактары жаңыланып, бордюрлар орнотулат.
Ошондой эле 10 миң орундуу жаңы футбол стадионуна баруучу жолду төрт тилкеге кеңейтүү жана асфальттоо иштери башталды.
Аталган эки жолдун курулушуна республикалык бюджеттен жалпы 100 миллион сом бөлүнгөн.
Жолдордун жаңыланышы шаардагы унаа тыгындарын азайтып, жол кыймылынын коопсуздугун жана транспорттук каттамдардын ыңгайлуулугун жакшыртууга багытталган.



Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу