Кыргызстан менен Кытай ишкердик кызматташтыкты кеңейтет
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев баштаган ишкерлер делегациясы Кытайдын мамлекеттик түзүмдөрүнүн, ишканаларынын жана бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жолугушууга Кытайдын "Сайди" жаңы өндүргүч күчтөрдү өнүктүрүүгө көмөктөшүү борборунун жана Гуанчжоу шаарынын Байюнь райондук администрациясынын өкүлдөрү да катышты.
Тараптар соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө, инвестиция тартуу, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ишкерлери ортосунда түз байланыштарды түзүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен бизнес-долбоорлорду ишке ашырууга жана кыргыз-кытай ишкердик өнөктөштүгүн кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу