Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды

Чүй облусунда курулуш объектилерин текшерүү учурунда мыйзам талаптары жана коопсуздук эрежелери бузулганы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.

Маалымдалгандай, министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы рейд учурунда үч объектти текшерген.

Алар:

  • Кара-Жыгач конушундагы 12 кабаттуу көп функционалдуу комплекс;
  • Байтик айылындагы Райымбеков көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан төрт кабаттуу турак үй;
  • Беш-Күңгөй айылындагы Ж. Сагындык көчөсү, 13 дарегинде жайгашкан беш кабаттуу турак үй.
Текшерүүнүн жыйынтыгында "СК Моноблан", "Нур Глобал строй" жана "БРК Байтик" компанияларына аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилип, жалпы 635 миң сом айып салынды.

Министрлик курулуш иштеринде мыйзамдарды, шаар куруу ченемдерин жана техникалык коопсуздук талаптарын сактоо зарылдыгын эскертти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Bishkek Snow Leopard Run: чуркоодон түшкөн каражат жаратылышты коргоого жумшалууда

"Баатыр энелерге" берилүүчү пенсиялык төлөмдү көбөйтүүгө арналган мыйзам колдоо тапты

Оштогу унаа жолдун 55 километри реконструкцияланууда

Кыргызстанга визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүн 18 өлкөгө кеңейтүү сунушталууда

Кепилдик фонд 10 айда 2,7 млрд сомдук ипотекалык жана автокредиттердин берилишине көмөктөштү