Bishkek Snow Leopard Run: чуркоодон түшкөн каражат жаратылышты коргоого жумшалууда

Bishkek Snow Leopard Run: чуркоодон түшкөн каражат жаратылышты коргоого жумшалууда

Бишкекте жыл сайын өтүүчү Bishkek Snow Leopard Run марафону спорттук иш-чара гана эмес, жаратылышты коргоого багытталган кайрымдуулук демилгеси катары да белгилүү. Катышуучулардын старттык төлөмдөрүнүн бир бөлүгү ак илбирсти жана анын жашоо чөйрөсүн сактоого, жаратылышты коргоо кызматкерлерин керектүү жабдуулар менен камсыздоого жумшалат.

2019-жылдан бери бул демилгенин алкагында 6,9 млн сомдон ашык каражат чогултулган. 2025-жылдагы марафондон түшкөн каражатка Германиядан 3 топтом кесиптик оптика сатып алынып, 18-ноябрда "Илбирс" коомдук фондуна тапшырылды. Аларды Кыргызстанга жеткирүү 8 айга созулган.

Ак илбирсти алыстан байкоочу жабдуулар

Марафондун уюштуруучулары "Илбирс" фондуна Swarovski Optik компаниясынын ATS/STS 80 HD үлгүсүндөгү 3 топтом кесиптик көрүүчү труба (дүрбү) беришти. Алар 20дан 60 эсеге чейин чоңойтуп көрсөтөт. Комплектте окулярлар, коргоочу каптамалар, Manfrotto штативдери жана видео тартууга керектүү аксессуарлар да бар.

Бул жабдуулар жаныбарларды алыс аралыктан, алардын тынчын албай байкоого мүмкүндүк берет. Сапаттуу оптика адистерге жаныбардын түрүн, жашын жана санын так аныктоого жардам берет.

Swarovski Optik - жогорку сапаттагы оптика чыгарган австриялык компания. Көрүүчү трубанын объективинин диаметри 80 миллиметрди түзүп, жарык начар шарттарда да даана сүрөт көрсөтүүгө ылайыкталган. Корпусу нымдуулуктан корголгон жана тоолуу аймактарда колдонууга ыңгайлашкан.

Ар бир топтомдун болжолдуу баасы 3 миң евронун тегерегинде.

Кыргызстанга жеткирүү эмне үчүн сегиз айга созулду?

Мындай кесиптик оптикалык жабдуулар Кыргызстанда сатылбагандыктан, аларды чет өлкөдөн атайын буйрутма менен алууга туура келген.

Германиядан Кыргызстанга жеткирүүдө бир катар документтерди даярдоо зарылдыгы жаралган. Анын ичинде жабдуулар аскердик же согуштук максатта эмес, тынчтык максатында, жаратылышты изилдөө жана жаныбарларга байкоо жүргүзүү үчүн колдонулары тастыкталган.

Документ иштерин бүтүрүү жана жеткирүү жол-жоболорун уюштуруу менен кошо логистикалык процесс 8 айга созулган.

Жаңы оптика кайсы иштерге колдонулат?

"Илбирс" коомдук фондунун директору Заирбек Кубанычбековдун айтымында, кесиптик көрүүчү дүрбүлөр токойчулар үчүн зарыл жабдуулардын бири. Алар ак илбирске гана эмес, анын негизги азык базасын түзгөн аркар, тоо эчки, элик, марал жана каман сыяктуу жаныбарларга да байкоо жүргүзүшөт.

"Жапайы жаныбарларга дайыма мониторинг жүргүзүү керек. Көп учурда алар өтө алыс аралыкта болушат. Жаратылыш ресурстары министрлиги бекиткен методикага ылайык, жаныбарларды туура эсептөө үчүн кесиптик көрүүчү труба, дүрбү жана башка ушундай каражаттарды колдонуу зарыл", - деди Заирбек Кубанычбеков.

Жаңы жабдуулар төмөнкү иштерге пайдаланылат:

  • ак илбирске жана анын азык базасын түзгөн жаныбарларга мониторинг жүргүзүү;
  • туяктуу жаныбарлардын жылдык эсебин алуу;
  • коруктардагы жана жаратылыш парктарындагы аймактарды алыс аралыктан көзөмөлдөө;
  • егерьлерди жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын кызматкерлерин талаа шартында окутуу.

Сапаттуу оптика болбосо, адистер жаныбарларга жакын барууга аргасыз болушат. Бул алардын тынчын алып, байкоо иштерин татаалдаштырат. Ал эми начар жабдуу жаныбарлардын санын эсептөөдө жаңылыштык кетириши мүмкүн.

Үч топтом кайсы аймактарга жөнөтүлөрүн "Илбирс" фонду Жаратылыш ресурстары министрлиги менен биргеликте аныктайт. Алдын ала маалымат боюнча, алар Беш-Арал, Кан-Ачуу жана Кулун-Ата коруктарына бөлүштүрүлүшү мүмкүн.

Марафондун уюштуруучулары каражатты кантип бөлүштүрөт?

Жабдууларды сатып алууда уюштуруучулар токойчулардын жана жаратылышты коргоо тармагындагы адистердин сунуштарын эске алышат. Nomad Sport компаниясынын башкы директору Арслан Малдыбаевдин айтымында, катышуучулардын ар биринин салымы өлкөнүн жаратылышын сактоого багытталган иштерге жардам берет.

"Катышуучулар стартка чыкканда эмоция, медаль жана жеке рекорд гана алышпайт. Ар бир каттоодон түшкөн төлөм - өлкөбүздүн биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоп, тоолордо күн сайын өз өмүрүн тобокелге салып иштеген адамдардын эмгегине болгон реалдуу салым болуп саналат", - деп белгиледи ал.

Малдыбаевдин айтымында, сатып алынуучу жабдуулар жыл сайын адистердин учурдагы муктаждыгына жараша тандалат.

"Биз токойчулардын кызматкерлерине кайрылып, түздөн-түз: "Жер-жерлерде күнүмдүк ишти натыйжалуу аткарууда өзгөчө эмнеге муктажсыздар?" - деп сурайбыз. Жабдууларды тандоо учурдагы муктаждыктарга жараша болот. Ар кайсы жылы ар кандай болушу мүмкүн: бул фотокапкандар, жол жүрүү каражаттары, кышкы кийим-кече же илимий изилдөөлөр үчүн жабдуулар жана башкалар", - деп кошумчалады компания жетекчиси.

6,9 миллион сомдон ашык каражат эмнеге жумшалды?

Nomad Sport компаниясы 2018-жылдан бери жазгы, күзгү жана түнкү чуркоолорду, триатлонду, ошондой эле кышкы Santa Run жарышын уюштуруп келет. Ал эми ак илбирсти коргоого багытталган Bishkek Snow Leopard Run марафону 2019-жылдан бери өткөрүлөт.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, ушул убакка чейин кайрымдуулук демилгелеринин алкагында 6,9 млн сомдон ашык каражат чогултулган.

Анын эсебинен буга чейин төмөнкү иштер аткарылган:

  • 2019-жыл: Ак илбирстерге жана башка жапайы жаныбарларга байкоо жүргүзүү үчүн 32 фотокапкан сатып алынган.
  • 2021-жыл: Ысык-Көл биосфералык аймагынын егерьлери үчүн Нива үлгүсүндөгү кызматтык унаа алынган.
  • 2022-жыл: "Тойбосс" компаниясы менен биргеликте "Спартак" стадионунда воркаут аянтчасы курулган.
  • 2023-жыл: Э. Гареев атындагы Ботаникалык бакка 40тан ашык техника сатып алынган.
  • 2024-жыл: Тоолуу аймактарда иштеген егерьлер үчүн 90 комплект атайын кийим-кече жана жабдуу алынган.
  • 2025-жыл: "Илбирс" фондуна 3 топтом кесиптик оптика тапшырылды.

Бул демилгелердин бир бөлүгү түздөн-түз жапайы жаныбарларды изилдөөгө жана коргоого, калганы жаратылышты коргоо кызматкерлеринин иш шарттарын жакшыртууга жана шаардык инфраструктурага багытталган.

Кыргызстанда канча ак илбирс бар?

Ак илбирсти сактоо үчүн анын санын гана эмес, жашоо чөйрөсүн жана азык базасын да изилдөө маанилүү.

"Илбирс" фондунун маалыматына ылайык, 2021–2024-жылдары жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстанда балдарын эсепке албаганда, 300-360 чоң ак илбирс жашайт. Ал эми мамлекеттик маалыматтарда балдарын кошкондо жалпы саны 500гө жакын экени айтылат.

Марафон эл аралык деңгээлде өтөт

Bishkek Snow Leopard Run кайрымдуулук иш-чарасы болуу менен катар эл аралык спорттук аянтча катары да өнүгүп жатат.

Марафондун трассасы AIMS (Association of International Marathons and Distance Races) уюмунун талаптарына ылайык сертификатталган. Бул 1982-жылы түзүлгөн, дүйнө жүзүндөгү марафондорду жана аралыкка чуркоо жарыштарын бириктирген эл аралык ассоциация. Ал чуркоо спортун өнүктүрүүгө жана жарыштарды уюштуруунун стандарттарын жайылтууга көмөктөшөт.

Трассанын сертификатталышы анын аралыгы белгиленген талаптарга ылайык өлчөнгөнүн билдирет. Мындан тышкары, Bishkek Snow Leopard Run түрк өлкөлөрүндөгү чуркоо жарыштарын бириктирген TAN (Turkic Alliance of Long Runs) сериясына кирет.

2026-жылдагы марафондун каражатына эмне алынат?

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, 2026-жылдагы Bishkek Snow Leopard Run марафонуна болжол менен 6 миң адам катышып, кайрымдуулук максатында 1,2 млнн сом чогултулган.
Бул каражатка токойчулар үчүн талаа шартында иштөөгө керектүү жабдууларды сатып алуу пландалууда. Алардын катарында аттар үчүн ээр комплекттери жана төрт мезгилге ылайыкталган BTrace Arctic 3 үлгүсүндөгү чатырлар бар.

Бул буюмдар тоолуу аймактарда узак убакыт иштеген егерьлердин кызматын жеңилдетүүгө, жаратылышты кайтарууда жана алыскы аймактарда патрулдук иштерди жүргүзүүдө колдонууга багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

"Баатыр энелерге" берилүүчү пенсиялык төлөмдү көбөйтүүгө арналган мыйзам колдоо тапты

Оштогу унаа жолдун 55 километри реконструкцияланууда

Кыргызстанга визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүн 18 өлкөгө кеңейтүү сунушталууда

Кепилдик фонд 10 айда 2,7 млрд сомдук ипотекалык жана автокредиттердин берилишине көмөктөштү

Онлайн курс саткандарды билимин көрсөтүүгө милдеттендирүү сунушталды