Оштогу унаа жолдун 55 километри реконструкцияланууда

Оштогу унаа жолдун 55 километри реконструкцияланууда

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа – Гүлчө автожолун реконструкциялоо иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.

Долбоордун алкагында жолдун 55 чакырым тилкесин жаңылоо каралган. Учурда жол тилкесинде жалпы жер жумуштары жүргүзүлүүдө.

Билдирүүдө айтылгандай, учурда жолдун туурасы 16 метрге чейин кеңейтилди. Бүгүнкү күнгө карата 8 километр тилкеге асфальттын биринчи катмары төшөлдү.

Долбоорго ылайык, жолго эки катмар асфальт төшөлөт. Биринчи катмардын калыңдыгы 9 сантиметрди, экинчи катмардын калыңдыгы 6 сантиметрди түзүп, асфальттын жалпы калыңдыгы 15 сантиметр болот.

Курулуш иштерине учурда 6 экскаватор, 22 самосвал, 6 жүктөгүч, 4 каток, 3 суу ташуучу унаа, 2 грейдер, 1 асфальт төшөөчү техника жана 1 манипулятор тартылган. Ошондой эле 140ка жакын жумушчу катышып, асфальт өндүрүү үчүн бир асфальт-бетон заводу иштеп жатат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстанга визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүн 18 өлкөгө кеңейтүү сунушталууда

Кепилдик фонд 10 айда 2,7 млрд сомдук ипотекалык жана автокредиттердин берилишине көмөктөштү

Онлайн курс саткандарды билимин көрсөтүүгө милдеттендирүү сунушталды

Кызыл-Кыяда Баткендеги эң чоң күнөскана курулду

Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселеси талкууланды